Бейшемби, 28 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

КЫРГЫЗСТАН-АЗЕРБАЙЖАН ДИПЛОМАТИЯЛЫК МАМИЛЕГЕ 30 ЖЫЛ

Бул арада, Бишкекте Кыргызстан менен Азербайжандын достугун даңазалаган классикалык музыкалардын концерти өттү. Эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына арналган маданий иш-чара маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен уюштурулду. Ага биздин чыгармачыл топ да барып катышып келди.

Куралдуу Күчтөрдүн технихалык базасы толукталды. Күн мурун модернизацияланган “Печора-2 БМ” мобилдик зениттик-ракеталык комплекси Кыргызстанга алынып келинген. Аталган техника Беларусь Республикасынан сатылып алынган. Муну менен катар чет элдик коргонуу ишканаларында МИ-8 күжүрмөн тик учактарын капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Жаңы техникалык базанын мүнөздөмөсү менен Президент Садыр Жапаров жеринен таанышты. Кененирээк Айдар Темиралиевдин материалында.

2022-жылы прокуратура орандары тарабынан бир катар көзгө алынарлык иштер аткарылды. Маселен: Өлкө аймагы боюнча мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен 3 миң 380 гектар жер тилкеси жана 21 социалдык обьект мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, былтыркы жылы аткарылган иштер жана 2023-жылга бекитилген пландар боюнча отчёттук жыйынында белгиледи. Маалымат жыйыда, 2022-жылы жалпы 11 млрд. 700 млн сомго жакын каражат мамлекетке зыян келтирилгени айтылып, анын 80 пайызы же 9 млрд 255 млн сомго жакыны мамлекеттик бюджетке которулганы белгиленди. Жыйындын жүрүшү тууралуу Айдар Темиралиев кененирээк.

Ишканадан министрликке. Тез жардам унаалары, өрт өчүрүүчү шаймандар жана газ менен иштеген автобустар. 253 даана заманбап техникаларды Президент Садыр Жапаров бүгүн тиешелүү министрликтерге тапшырды. ӨКМ, Саламаттыкты сактоо жана калаа башчылыгына ыйгарылган автотехникалар канча каражатка, кандай жол менен алынып келинди жана анын өзгөчөлүктөрү тууралуу Нурпери Баказова баяндайт.

Бажы көзөмөлүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, бажылык башкаруунун бардык этаптарында бизнес процесстердин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу. Мына ушундай максатта Бажы кызматы тарабынан «Бажы тармагын өнүктүрүү концепциясы» иштелип чыккан. Ал концепциянын алкагында алты багытта иш алып барылып, бир канча долбоор жүзөгө ашырылды. Алдыда кененирээк.

Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлерине кызматтык үйлөр берилди. Өмүр бою эркинен ажыратылгандарга жаңы корпус курулду. Мурдагы № 47 соттолгондорду дарылоо мекемеси жоюлуп, Молдовановка айылындагы №31 колонияда жаңы оорукананын имараты салынды. Жазаларды аткаруу кызматында жүрүп жаткан комплекстүү реформалар тууралуу Айдар Темиралиевдин материалында.

Орусияда мигранттарды кара тизмеге киргизүүнүн себептерин кыскартуу каралууда. Учурда эки же андан көп административдик укук бузган мигранттарга Орусияга кирүүгө тыюу салынган. Анын ичинде жол эрежесин бузуулар кара тизмеге түшүүнүн негизги себеби катары белгиленет. Бүгүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде Кыргызстан менен Орусиянын мамлекеттик органдарынын аталган маселелерге арналган жыйыны өттү. Кененирээк кийинки сюжетте.

 

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында драматург Кайрат Иманалиевдин «Коркут Ата» спектакли коюлду. Жогорку деңгээлдеги режиссУра, кесипкөйлүк, музыкалык коштоо жана сахна жасалгасы көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, кол чабуулар менен коштолду. Легендага айланган инсандын өлбөстүктү издегени, аны акыры артында калган ак эмгек аркылуу тапканы чагылдырылган спектаклга биздин чыгармачыл топ дагы күбө болуп кайтты.

Бишкекте “Мурас” достук турниринин финалдык оюндары жыйынтыкталды. Эки күнгө созулган иш-чара “Газпром” спорт комплексинде жана Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтүп, ага жалпы 16 команда катышты. Сергек жашоо образын жайылтуу, өлкөдө футзалды популяризациялоо, коомдун түрдүү катмарынын өкүлдөрүнүн ортосунда достук жана расмий эмес мамилелерди өнүктүрүү максатын көздөгөн турнирдин жыйынтыгы жана эсте калган көз ирмемдер туурасында кийинки сюжетте кенен айтып беребиз.

Кытайлык компания Ош облусунун Ноокат районунда минералдык жер семирткич өндүрө турган завод куруп жатат. Ал ишке кирсе жылына 500 миң тонна жер семирткич чыгарары болжолдонууда. Ал эми 3 миң адам жумуш менен камсыздалат. Кыргыз-кытай кызматташтыгынын алкагында, салынып баштаган заводдун аймагында жогорку сапаттагы үрөн өндүрүү да пландалууда.

Кыргызстандын жаңы транспорт коридорлору. Бириккен Араб Эмираттары биздин өлкөнү Перс булуңуна жана жалпысынан дүйнөлүк рынокко чыгуу мүмкүнчүлүгүн ачкан соода түйүнү менен камсыз кылууда. Араб өнөктөштөр Кыргызстандын аэропорттору менен өткөрмө бекеттерин реконструкциялоого, модернизациялоого жана курууга көмөк көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Бишкек менен Абу-Дабинин кызматташтыгынын жаңы багыттарын кийинки материалда кененирээк кеп кылабыз.

Венгер окумуштуусу Дьердь Алмаши 1906-жылы Кыргызстанга элибиздин жашоо-турмушун изилдөө үчүн экинчи ирет келген. Анын ошол учурдагы жазган каттары, ошондой эле саякат учурунда тарткан сүрөттөрү, уникалдуу тарыхый-этнографиялык материалдар менен толукталып кыргыз жана орус тилдеринде китеп болуп чыкты. Эмгек «Азия жүрөгүнөн келген каттар жана фотосүрөттөр» деп аталат. Китептин бет ачарына Жазгүл Кудайбердиева катышып келди.

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан жабыркагын Баткендеги үйлөрдүн бир бөлүгү жаңы жылга чейин колдонууга берилип баштайт. Бул тууралуу Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди. Анын айтымында талкаланган үйлөрдү кайра куруу иши жүрүп жатат. “Кыска убакытта курулуучу панель үйлөр даяр болчу. Бирок жергиликтүү эл, кирпич менен тургузууну өтүнүштү. Мамлекет башчы Садыр Жапаров элдин талабына ылайык тамдарды куруу тапшырмасын коюп, мамлекеттен каражат бөлүнгөн.”, -деди Орунбеков. Ал эми Улуттук банктын маалыматына ылайык 1-декабрга карата Баткен жана Ош облустарында коңшулардын кол салуусунан жабыркаган 474 жаран финансылык-кредиттик уюмдарга насыясын кечүүнү өтүнүп кайрылган. Ага ылайык 298 жарандын насыясы толугу менен жоюлган. Каражаттын суммасы 19 миллион 974 миң сомду түзгөн. Дагы 38 миллион 430 миң сомго барабар 170 насыя ре-структу-ризацияланган.

Бишкекте ири инвестициялык долбоордун бет ачары өттү. Ага ылйык борбор калаага заманбап бизнес-комплек куруу сунушталууда. Ал ири масштабдуу аймактык жана эл аралык иш-чараларга конокторду кабыл алуу үчүн 1200дөн кем эмес орундуу көргөзмө аянтчаларынан, конференц-залдардан жана конгресс-холлдордон турат. Инвестициялык саммиттин жүрүшүндө дагы кандай сунуштар айтылды? Нурпери Баказованын материалында

«Илимий-техникалык кызматташтык жаңы экономикалык чакырыктардын шартында ЕАЭБди өнүктүрүүнүн негизи катары: тенденциялар жана өнүгүү перспективалары”. Бул иш-чара Билим берүү жана илим министрлиги менен Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан ЕАЭБге мүчө өлкөлөрүн лидерлеринин жолугушуусунун алкагында уюшулду. Адистер, белгиленген илимий конференция быйылкы жылдагы ЕАЭБ алкагындагы эң масштабдуу иш чаралардын бири экендигин айтышууда. Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Унверситетиндеги илимий-конференциядан кененирээк кийинки материалда сөз болот.

12 мамлекеттен келген 1000ден ашык ишкер жана инвесторлор, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү Бишкекте өтүп жаткан инвестициялык саммитке катышууда. Иш-чаранын аянтчасында бардык тармактар боюнча биргелешип долбоорлорду ишке ашырууга, келишимдерди түзүүгө чоң мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатат. Адистердин пикиринде, бизнес саммиттин кө

мөгү менен өлкөлөр ортосунда инвестициялардын көлөмүн көбөйтүүгө жол ачылууда.

Кыргызстан үчүн келечектүү долбоор. Үстүбүздөгү жылдын башында «Кыргызиндустрия» ачык акционердик коому бир катар ишканаларды, анын ичинде «БК Медикер» ишканасын ишке киргизди. Анын өндүрүштүк кубаттуулугу өлкөнүн ички керектөөлөрүн канааттандырууга жетет. Цехтин ишмердүүлүгү менен кесиптешим Айьза Камчыбекова таанышып кайтты.

Ар бир мүнөт баалуу. Таланттуу актер, эмгек сиңирген артист Азиз Мурадилаевдин боорун алмаштыруу үчүн донор керек. Бул тууралуу актердун жакындарынын катышуусунда өткөн маалымат жыйынында коомдук ишмер Ассоль Молдокматова билдирди. Анын айтымында, донор болууга камдангандар табылганы менен каны туура келбей жатат. Ошондой эле Мурадилаевди операция кылдыруу үчүн чет өлкөгө алып кетүүгө санавиациянын атайын борту керек болуп жатат. Алдыда кененирээк.