Шаршемби, 24 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Өксүсөк келгис баштандың Аба, өзүңдү кайдан табалы …

Белгилүү манасчы, төкмө акын, эл агартуунун отличниги, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Сапарбек Касмамбетовдун сөөгү бүгүн Мамлекеттик Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилди. Залкар инсандын айрым манасчылардан өзгөчөлүгү – эпостогу каармандардын ар бирин өз-өзүнчө болүп чыгып, дастан кылып айтканында болчу. Анын айтуусундагы «Манас» эпосу англис тилине которулуп, Улуу Британияда жарык көргөн. Шотландияда Манасты 20 саат бою тынымсыз айтып, көрүүчүлөрдү таң калтырган эле. Өзү өтсө да жасаган эмгеги, жараткан чыгармалары кыргыз элине түбөлүк мурас болуп кала бермекчи.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *