Бейшемби, 28 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Кыргызстан ЖККУга төрагалык мезгилин жыйынтыктады

Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму тажик-ооган чек арасын талкуулады. Уюмдун Бишкекте өткөн жыйынында 15 документке кол коюлуп, анын мазмунуна көңүл бөлө турган болсок, глобалдык жана аймактагы коопсуздукту бекемдөө боюнча кызматташуу, тажик-ооган чек арасындагы чыңалууну азайтуу жана уюмдун алкагында алаканы жакшыртуу сыяктуу маселелер каралды.  Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков, уюмдун кезектеги сессиясынын жыйынтыгы боюнча маалымат берип, бул жолу тажик-ооган чек арасындагы кырдаалга басым жасалганын белгиледи. Эске салсак ушул айдын 6-ноябрга караган түнү Тажикстандын Өзбекстан менен чектешкен аймагындагы «Султонобад» чек ара отрядына караштуу «Ишкобод» бекетинде куралдуу кол салуу болгон эле. Тажик бийлиги болсо бул окуяны «Ислам мамлекети» террордук тобунун 20 мүчөсү уюштурганын жарыялаган жана атайын операцияда 15 жоочу өлтүрүлүп, дагы бешөө кармалганын маалымдаган. «Кол салууда» бир чек арачы менен бир милиция кызматкери курман болгон.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *