Кыргызстанда 764 баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок

28

Кыргызстанда 764 баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок. Мамлекеттик каттоо кызматы тараткан маалыматка ылайык, алардын асты 16га чыкса, арты бир-эки айлык ымыркайлар. Өкмөттүн балдарды документтештирүү программасынын негизинде күбөлүктөр жеңилдетилген түрдө жана акысыз берилүүдө.