Бейшемби, 28 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Кыргызстандын пенсиялык системасындагы реформалар

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтарына ылайык, Кыргызстанда болжол менен алты жүз миң адам ар кандай категориядагы пенсионер болуп саналат. Пенсиялык система заманбап коомчулуктун жалпы өнүгүшүн мүнөздөгөн бир топ факторлордон көз каранды. Буга байланыштуу, пенсиялык система учурда калыптанып жаткан, демографиялык, ошондой эле социалдык-экономикалык чөйрөдөгү өзгөрүүлөргө өз учурунда, тийиштүү түрдө жооп кайтарууга муктаж. Өлкөдөгү пенсиялык камсыздоо системасында жүрүп жаткан реформанын алгачкы баскычтарынан бери бир топ убакыт өттү. А дегенде, бул жылдар аралыгында аталган системада орун алган олуттуу өзгөрүүлөрдү байкаса болот. Өлкөдөгү пенсия менен камсыздоо маселелери жана Кыргызстандын пенсиялык системасындагы реформалар тууралуу Соц Фонддун төрагасы Медер Ирсалиев айтып берди.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *