«Манас» жана Чыңгыз Айтматов атындагы улуттук академия ачылды

8
«Манас» жана Чыңгыз Айтматов атындагы улуттук академиясынын расмий түрдө салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Саамалыкка Президент Сооронбай Жээнбеков катышып, академиянын ишмердүүлүгү менен таанышып, имаратты көрүп чыкты. Салтанатуу иш-чаранын жүрүшүндө өлкө башчысы,чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү, акын- жазуучулар, жана манасчылар менен бирге отуруп, бардык Кыргызстандыктарды “Манас” күнү менен куттуктап, «Манас» эпосу кыргыз тарыхынын көөнөрбөс дөөлөтү, ал эми Айтматов — маданияттын көөнөрбөс дөөлөтү экенин баса белгиледи.