Бейшемби, 25 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Октябрь айынан тартып агартуучулар 30% жогорулатылган айлык маяна алышат

Келе жаткан октябрь айынан тартып агартуучулар 30 пайызга жогорулатылган айлык маяна алышат. Бул тууралуу токтомго бүгүн өкмөт башчы кол койду. Ага ылайык жалпы билим берүү, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, баштапкы жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын, ошондой эле билим берүү системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгек акысынын негизги бөлүгүнүн көлөмү 30 пайызга көбөйдү. Билим берүү системасынын кызматкерлеринин маянасын көтөрүүгө керектүү каржы каражаттар табылды.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *