Шейшемби, 23 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Түркия Кыргызстан эгемендик алган жылдардан бери 600 млн доллардан ашык инвестиция салды

Убагында 3 эски тигүүчү машина менен баштаган ишкерлик акырындык менен өнүгүүгө өр алды. Бул трикотаж өндүрүштүн ишмердүүлүгү Түркия менен тыгыз байланыш. Аталган өлкөнүн 23 жыл мурда башталган бизнеске тийгизген таасири чоң. Ал кезде өндүрүш эч бир атаандаштыкка туруштук берчү эмес. Буга тигүү машиналардын талапка жооп бербегени себеп болгон. Бүгүнкү күндө токулган кездемелерди даярдоо үчүн Түркиядан сырье алып келишет. Даярдалган продукциялар Россияга жиберилүүдө. Көлөм базардагы абалга жараша болот. Жылына 30 миң даанага чейин трикотаждар тигилет. Бүгүн бул сыяктуу ишкерликти өнүктүрүү максатында борбордо кыргыз-түрк бизнес-форуму уюштурулган. Эки мамлекеттин ишкерлери катышкан иш-чарада тараптар бири-бири менен кызматташууга кызыктарлыгын билдиришти. Алсак, Али Ихсан-Атар Кыргызстан дайыма инвестицияны колдоорун белгилейт. Айтымында, азыркы көйгөйлөрдүн бири маалыматтын аздыгы. Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы инвестициялык кызматташтык өнүгүп жатканын Президент Сооронбай Жээнбеков бизнес-форумдун ачылышында белгиледи. Былтыр Түркиядан жалпысынан 93 млн доллардан ашык инвестиция келген. Түркиядан Кыргызстанга эгемендик жылдардан бери бүгүнкү күнгө чейин тартылган түз инвестициялардын көлөмү 600 млн доллардан ашат. Форумда өндүрүш тармагын мындан ары дагы жакшыртуу аракети көрүлүп жатканы белгиленди. Ал үчүн Сокулуктун Военно-Антоновка айылынан өндүрүш аймагын түзүү үчүн 41 гектар жер бөлүнгөн. Бул кездеме чыгаруу ишканаларын биргеликте иштетүүгө шарт түзмөкчү.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *