Жума, 29 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Түркмөнстанда биринчи Каспий экономикадык форуму болуп өттү

11-август күнү Түркмөнстан мамлекетинин Түркмөнбашы шаарынын улуттук “Аваза” аймагынын “ак чачтуу Хазар” аталышындагы жээги биринчи ирет өтүп жаткан “Каспий экономикалык форумуна” 10дон ашуун мамлекеттен келген 3 миңге жакын саясатчы, дипломат, бизнесмен, эколог, окумуштуу жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө эшигин ачты. Ошол эле күнү бул экономикалык форумдун алкагында «Түркмөн сахра — 2019» деп аталган инновациялык технологиялар көргөзмөсү старт алды. «Түркмөн сахра — 2019» аталышындагы инновациялык технологиялар жарманкесине катышып жаткан компаниялардын бири “Turkmenistan Airlines” авиакомпаниясы. Аталган компаниянын өкүлү Сүйүнмаммед Маммедов Ашхабад – Бишкек аба каттамы быйыл ишке кирээрин жарманкенин жүрүшүндө белгилеп өттү. Себеби, Түркмөнстан мамлекети Кыргызстан менен кызматташууну жакшыртууга кызыктар. Белгилей кетсек, аталган форум 12-август — “Эл аралык каспий” күнүн утурлай өткөрүлдү. Форумдун жыйынтыгы менен буга чейин Каспий аймагына караган 5 мамлекеттин башчылары кол койгон Каспий деңизинин статусу боюнча конвенциянын форум жана анын өнүгүшү үчүн мааниси чоң экендиги белгиленди. Келерки жылы аталган форум Россия Федерациясынын Астрахань облусунда өткөрүлөт.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *