Ишенби, 20 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Бакуда түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин жыйыны өттү

Кыргызстан, Казакстан, Турция жана Азербайжан. Мына ушу торт олко Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин Жетинчи жыйынында чогулуп отурушат. Быйыл, бул аянтча дагы кеңейди. Себеби, бул кеңешке мүчө болуп Өзбекстан мамлекетти кирди. «Түрк кеңешинин өлкөлөрү ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун дараметин жогорулатуу зарыл. Өзгөчө чакан жана орто ишкердикке колдоо көрсөтүү абдан маанилүү. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков жыйындын жүрүшүндө билдирди. Мамлекет башчысы бүгүнкү Саммиттин темасы «Кичи жана орто ишкердикти өнүктүрүү» экенин, буга байланыштуу кыргыз тарап түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкка чоң маани берерин белгиледи.

Өлкөнүн атын чет мамлекеттерде тааныткан жаш таланттардын саны өсүүдө. Жакынкы арада Азербайжандын борбору Баку шаарында 17 мамлекеттин арасында өткөн эл аралык ыр сынагынан Кыргызстандын атынан барган Эсен Жыргалбеков 3-орунду камсыздап келди. Учурда Эсендин ата-энеси жана мугалимдери гана эмес, бүтүндөй жумурай-журт кубанып турган маалы. Анткени жаш талант болгону 13 жашта. Ар тараптуу талант ээси менен биздин чыгармачылык топ дагы таанышып келди.