Бейшемби, 28 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Эл эмгектен эскерсин…

Кыргызстан коомчулугу белгилүү кинорежиссёр, СССРдин эл артисти, Болот Шамшиевди акыркы сапарына узатты. Ал Кыргызстандын жана Советтер союзунун гана кино искусствосунун эмес, дүйнөлүк маданияттын классиги эле. Ал гана эмес оргуштаган кыргыз оюну көк бөрүнү спортко айлантып, алгачкы эрежелерин иштеп чыгып, бүгүнкү деңгээлге жетишине зор салымын кошкон. Пирамида телеканалы залкардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Фильмге жан киргизип, ага узак өмүр тартуулаган дал ушул режиссёрлордун эмгеги эмеспи. “Кыргыз кино кереметинин” негиздөөчүлөрүнүн бири, Болотбек Шамшиевдин бул жаатта эмгеги ат көтөргүс.