Бүгүнкү күндө Бишкек шаары боюнча 107 мектеп, 84 муниципалдык бала бакча бар. Бирок бул дагы деле жетишсиз. Мындан улам Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктарга ыңгайлуу шарт түзүп берүүнү көздөп, жаңы социалдык имараттарды курууну алдыңкы сапка койгон. Азыркы тапта Бишкек шаарында 2 бала бакча жана 2 мектеп салынып жатат. Анын ичинен бир мектепти курууга атайын бирдиктүү депозиттик эсептен каражат бөлүнгөн. Калган үч социалдык имарат шаардык бюджеттен каржыланган.
Чүй облусунун Аламүдүн айылында суу мунарасы курулду. Эми айыл тургундары 230 метр тереңдиктен тартылган таза сууну пайдалана баштайт. Скважинанын көлөмү 100 кубометрди түзүп, 500гө жакын үйдү ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыздайт. Аны курууга жергиликтүү бюджеттен 4 млн 650 миң сом жумшалган.
Былтыр мамлекеттик казынага 148 млрд 254 млн сом киреше түшүп, 2018-жылга салыштырмалуу 13 млнго көбөйгөн. Бирок жылдын жыйынтыгын чыгарганда план 97 пайызга аткарылганы айтылып, республикалык бюджетке 4 млрд сомго жакын каражат түшпөй калганы белгилүү болгон. Анткени былтыр казына 152 млрд сом киреше түшөрү белгиленген эле.
Быйыл Ош шаарынын бюджети 194 млн 979 миң сомго көбөйөт. Казына чогултулган салыктын эсебинен көбөйтүлдү. Эми бюджет боюнча коомдук талкуу өтүп, андан соң ал шаардык кеңештин кезектеги сессиясында бекитилет. Бул каражаттар кайсы тармактарга жумшалат?
Үстүбүздөгү жылдын тогуз айынын жыйынтыгы менен республикалык бюджеттин таңкыстыгы 11,9 млрд сомго түштү. Бул сумма 2017-жылы 17,3 млрдды түзгөн. Үй бүлөлүк дарыгерлердин жана мугалимдердин айлыгы жогорулады. Алтын өндүрүүнүн көлөмү артты. Айыл чарбада экспорттун көлөмү көбөйүүдө.
Быйылкы жылы Ош облусунда республикалык бюджеттен 108 социалдык обьектини куруу каралса,азыркы тапта 70инде курулуп иштери жүрүүдө. Мындан сырткары жеке ишкерлер да четте карап турбай,туулуп өскөн айылы үчүн колдоо көрсөтүп жатат.