Бейшемби, 28 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Дүйнө жүзү боюнча 25 миңден ашык ак халатчан коронавируска чалдыкты

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча бир жарым миллиондон ашык адам коронавируска чалдыкты. Бул тизмеге инфекция жуккан адамдар менен түз байланышууга аргасыз болгон дарыгерлер кошулган. Бир нече жуманын ичинде Испания коронавирустун жугушу боюнча Италиядан ашып түштү жана Европадагы пандемиянын негизги очогу болуп калды. Бул жерлерде COVID-19 менен ооруган дарыгерлердин эң көп саны аныкталды.

Коронавирус инфекциясына чалдыккан 87 жаштага Ноокат районунун тургуну көз жумду. Бүгүн COVID-19 вирусу дагы 18 адамдан аныкталды. Муну менен өлкө аймагы боюнча коронавируска кабылган жарандардын жалпы саны 298ге жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирип, ал бүгүн 9 бейтап стационардан чыгарылганын кабарлады.

Ал эми азыр болсо назарыңыздарды дүйнөдө болуп жаткан кабарларга бурабыз.

#коронавирус #вирус #covid19