Жума, 29 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Бизнес-акыйкатчы институту эмне кызмат аткарат?

Ар бир ишкердин укугу корголот. Бул жаатта жаранга былтыр түзүлгөн Бизнес-акыйкатчы институту жардамга келет. Коомчулукта иштегенине бир жыл боло элек институт олуттуу кадамдарга барып, ишкерлердин жолун тоскон көйгөйлөр менен күрөшөт деген ишеним чоң. Негизи эле, Бизнес-акыйкатчы деген ким? Ал эмне иштерди аткарат жана институттун алдына кандай конкреттүү милдеттер коюлган?

Кезинде Кыргызстан союздук республикалар арасында алдыңкы агрардык өлкө катары саналып, ички дүң продукцияларын өндүрүүдө айыл чарбанын үлүшү 44 пайызга чейин жеткен убактар болгон. Союз кулаган соң баягы ири чарбалардын баары талкаланып, майдаланып кеткен. Агрономдордун республикалык конференциясында сүйлөп жатып өкмөт башчы чарбаларды кайрадан ирилешип биригүүгө чакырып, бул учурдун негизги талабы экенин белгилеп өттү.

Кыргызстан араб дүйнөсү менен 1992-жылы кызматташа баштады десек болот. Бирок ал учурдагы сапарлар өтө терең изилденбей, талданбай, үстүрт мамиле жасалып калганын байкайбыз. Бул багытта, президент Сооронбай Жээнбековдун Сауд Арабия королдугуна расмий визитинин негизги тематикасы экономикалык кызматташууну күчөтүү болду. Бул инвестицияларды тартуу, соода-экономикалык байланыштарды тереңдетүү, ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, эки өлкөнүн бизнес чөйрөлөрүнүн ортосундагы алакаларды жана байланыштарды күчөтүү маселелери. Бүгүнкү күндө эки өлкөнүн ортосундагы потенциал толук ишке ашырыла элек, Бирок мамлекет башчынын аталган өлкөгө болгон сапарынын алкагында эки өлкө кызматташтыгын артыруу, түз инвестицияларды тартуу багытындагы макулдашуулар боюнча чоң мүмкүнчүлүктөр бар дешет экономикалык серепчилер. Деги эле эки өлкө лидерлеринин жолугушуусунда кыргыз-сауд кызматташтыктын негизги өзөгү, эки өлкөнүн ортосундагы соода экономикалык алакаларды күчөтүү жаатындагы сунуштар… кыргыз-араб инвестиция кызматташтыгы. Экономикалык жана гуманитардык алакаларда кайсы багыттарга көңүл буруш керек?

Жогорку Кеңеште “Кыргызстандын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясы кабыл алынды. Өкмөттүн берген маалыматына караганда, мыйзам долбоору мамлекеттик бюджеттин узак мөөнөттүү туруктуулугун камсыздоо жана бюджеттик жүрүмдү натыйжалуу башкаруу максатында иштелип чыккан.