Шейшемби, 16 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

2020-жылы Киргизия 1, Чоң-Арык, Ынтымак, Рухий Мурас жаңы конуштар газ менен камсыз болот

Кийинки жылы Киргизия 1, Чоң-Арык, Ынтымак, Рухий Мурас жаңы конуштар газ менен камсыз болот. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ишканасынын отчеттук пресс-конференциясында белгилүү болду. Маалым болгондой, келерки жылы газдын өлкө аймагындагы көлөмү 60% жетиши керек. Акыркы 5 жыл аралыгында газ абоненттеринин 20% га өсүшү байкалган.

Бишкектин жаңы конуштарына газ киргизүү ийгиликтүү ишке ашууда. Бул ирет “Учкун” жаңы конушунун жашоочулары жаратылыш газы менен камсыз болду. Калктуу конушка газ берүү салтанатына Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов, Свердлов райондук администрациясынын кызматкерлери, “Газпром Кыргызстан” компаниясынын өкүлдөрү жана конуш жашоочулары катышты. “Учкун” жаңы конушунун жашоочуларынын кубанычына биздин чыгармачыл топ да күбө болуп келди.
Бишкектин жаңы конуштарына газ киргизүү ийгиликтүү ишке ашууда. Бул ирет да Алтын-Бешик жаңы конушунун жашоочулары жаратылыш газы менен камсыз болду. Калктуу конушка газ берүү салтанатына Бишкек шаарынын Биринчи май райондук администрациясынын кызматкерлери, “Газпром Кыргызстан” компаниясынын өкүлдөрү жана конуш жашоочулары катышты.
Бишкектин жаңы конуштарына газ киргизүү ийгиликтүү ишке ашууда. Бул ирет баш калаанын Аска-Таш жаңы конушуна көгүлтүр от киргизилип, жашоочулар жаратылыш газы камсыз болушту. Калктуу конушка газ берүү салтанатына Бишкек шаарынын Биринчи май райондук администрациясынын кызматкерлери, “Газпром Кыргызстан” компаниясынын өкүлдөрү жана конуш жашоочулары катышты.