Бейшемби, 28 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан жаш талант Эсен Жыргалбеков «Таңкы Пирамидада»

Өлкөнүн атын чет мамлекеттерде тааныткан жаш таланттардын саны өсүүдө. Жакынкы арада Азербайжандын борбору Баку шаарында 17 мамлекеттин арасында өткөн эл аралык ыр сынагынан Кыргызстандын атынан барган Эсен Жыргалбеков 3-орунду камсыздап келди. Учурда Эсендин ата-энеси жана мугалимдери гана эмес, бүтүндөй жумурай-журт кубанып турган маалы. Анткени жаш талант болгону 13 жашта. Ар тараптуу талант ээси менен биздин чыгармачылык топ дагы таанышып келди. Кененирээк Айьза Камчыбекова токтолот.