Бейшемби, 28 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Кыргызстанда жылына 1,5 миңге жакын ымыркай тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлөт

Өлкөдө жылына 1,5 миңге жакын ымыркай, тубаса жүрөк кемтик оорусу менен төрөлөт. Анын 30% тез арада операцияга муктаж болгон наристелер. 1-ноябрда Россиядан келген профессор Алексей Ким Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунда бир жашка чейинки жүрөк кемтиги менен төрөлгөн ымыркайларга акысыз операция жасап жатат. Беш күн ичинде ал 10 наристеге операция жасап, бардыгы ийгиликтүү аяктады.