Жума, 19 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

“Баластан” акыл таймашынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Балдарды колдоо жылына карата уюштурулган “Баластан” акыл таймашынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Борбор калаадагы Касымалы Баялинов атындагы балдар жана жаштар китепканасында өткөн иш-чарага, өлкөнүн жети дубанынан келген 7 жаштан 12 жашка чейинки мектеп окуучулары катышты. Анда башталгыч класстын окуучулары «Баластан» журналы тарабынан түзүлгөн суроолорго жазуу түрүндө жооп беришип, жогорку упай топтогон окуучулар байгелүү сыйлыктар менен сыйланышты.

Борбор калаада «Эл аралык франчайзинг жана соода ЭКСПО» старт алды. Иш-чарага Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышып, ЭКСПОнун инвестиция тартуу үчүн орду чоң экендигине токтолду. Ошондой эле көргөзмөгө миңден ашуун кыргызстандык жана борбор азиялык ишкерлердин катышууда. Иш-чарада көргөзмөдөн сырткары, тармактык багыттарга арналган талкуулар эки күн бою өткөрүлөт.