Жума, 29 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

«Коопсуз шаар»: Айып пул төлөгөн айдоочулардын саны 10%га өстү

Эреженин жети түрүнө каралган айып пулдун өлчөмү азайгандан бери, «бактылуу каттарын» төлөгөн айдоочулардын саны 10%га өстү. Буга чейин адам өмүрүнө коркунуч жаратпаган эреже бузууларга каралган 3 миң сомдук айып, коомчулукта бир топ нааразычылык жараткан. Мыйзамга өзгөртүү киргизилип, айып пул 1000 сомго кыскартылгандан тарта «бактылуу каттарынан» батыраак кутулууну каалагандар көбөйдү. Маалым болгондой, «Коопсуз шаар» иштеп баштаган бир жыл аралыгында жалпы 1 млндон ашык жол эрежелерин бузуу фактысы катталган. Айдоочулар анын 57%ын төлөгөн.

Өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында ишке ашырылып жаткан ири долбоорлордун бири – “Коопсуз шаар” долбоору. Аны ишке ашыруунун жыйынтыгында Бишкектеги унаа кырсыктардын саны 40 пайызга кыскарып, айдоочуларда жана жөө жүрүүчүлөрдө жолдо жүрүүнүн маданияты байкалаарлык өстү. Учурда бул долбоордун негизги этабы боюнча тендер процедуралары аяктап, 2020-жылдын май айына чейин жалпы республикага жайылтылат.

“Коопсуз шаар” долбоору иштеп баштагандан бери, анын фото жана видео камералары 800 миңден ашык эреже бузууну каттаган. “Бактылуу каттарды” алгандардын 47%ы айыптарын төлөп, бюджет дээрлик жарым миллиард сомго жакын акча каражаты менен толукталды. Бирок адамдын өмүрүнө зыян келтирбеген же кырсык жаратууга себепкер болбогон эреже бузуулар боюнча айып пулдун көлөмү абдан эле чоң болуп жатканы коомдун ичинде ар кандай пикирлерди жаратып келет. Мына ушул айып пулдун көлөмүн азайтуу боюнча Өкмөт тиешелүү иш алып барууда.

Эреже бузуп “Коопсуз шаардын” камераларына илинген айдоочулар айып пулдун суммасы өтө эле көп деген даттанууларын айтып келишкен. Ага ылайык көпчүлүктүн талабын орундатуу максатында айып акчалардын көлөмүн кыскартуу маселеси келип чыккан. Азыркы учурда мыйзам долбоору парламентте каралып жатат. Эгер кабыл алынса, жол эрежесин бузгандарга карата 3 миң сомдук айып пулдар миң сомго түшүшү мүмкүн. Андан төмөн болбойт. Себеби, «Бузуулар» кодексинде эң ылдыйкы айып пулдун өлчөмү 1000 сом деп бекитилген.