Шаршемби, 24 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

М. Абылгазиев: Ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү менен биз ата мекендик бизнести өнүктүрүүдөбүз

Кыргызстан көпчүлүк товарлардын түрлөрүн,  кызмат көрсөтүүлөрдү жана жумушчу күчүн сырттан сатып алаары белгилүү. Бирок мындай тенденцияны бүгүнкү күндө азайтып коюуга болот. Буга ылайык  мамлекеттик сатып алуулар системасы ата мекендик товарды өндүрүүгө жана өлкөнүн өндүрүш тармагын жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзөт. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн өкмөттүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча кеңешме жыйында  ата мекендик өндүрүүчүлөрдөн мамлекеттик сатып алууларды ишке ашыруу менен биз ата мекендик бизнести өнүктүрүүдөбүз деп баса белгиледи.