Жума, 29 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Манасчы Сапарбек Касмамбетовдун сөөгү 21-январда жерге берилет

Сапарбек Касмамбетов «Манас» эпосун оозеки жана жазма тилде чебер аткара билген манасчылардын эң көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири эле. Анын кыргыздын көөнөргүс көркөм-рухий мурасын улуттук жана эл аралык деңгээлде таанытууга кошкон салымы зор. Сапарбек Касмамбетовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 21-январда эртең мененки саат 10:30да Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтүп, сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.