Бейшемби, 28 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Тунгучтагы жаңы 140 орундуу бала бакча жакынкы күндөрү бөбөктөрдү кабыл ала баштайт

Бүгүнкү күндө Бишкек шаары боюнча 107 мектеп, 84 муниципалдык бала бакча бар. Бирок бул дагы деле жетишсиз. Мындан улам Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктарга ыңгайлуу шарт түзүп берүүнү көздөп, жаңы социалдык имараттарды курууну алдыңкы сапка койгон. Азыркы тапта Бишкек шаарында 2 бала бакча жана 2 мектеп салынып жатат. Анын ичинен бир мектепти курууга атайын бирдиктүү депозиттик эсептен каражат бөлүнгөн. Калган үч социалдык имарат шаардык бюджеттен каржыланган.

Кечээ жааган кардан улам Ош шаарынын көчөлөрү көк муз болуп тоңуп, автоунаалар үчүн кооптуу абал жаралды. Мындан улам калаа тургундары тиешелүү кызматтар тарабынан туз, кум себилбей жатканына нааразы. Ал эми мэрия өкүлдөрү шаар көчөлөрүнө инерттик материалдар убагында себилгенин билдиришти.

Жакын арада жеке маалыматтарды сактоо жана электрондук форматта иш алып барган бардык кызматтардын ишин көзөмөлдөө максатында жаңы мамлекеттик орган түзүлөт. Ошондой эле “Санариптик Кыргызстан” концепциясынын алкагында быйыл ар бир жарандын жеке маалыматын коргоо жана электрондук маалыматтарды көзөмөлдөөгө басым жасалат. Себеби санариптешүүгө бет алган өлкөдө маалымат мейкиндигин коргоо деңгээлин жогорулатуу эң маанилүү маселелердин бири.

Борбор калаанын мэриясы Жаңы жылга карата эң мыкты жасалгаланган район, көчө боюнча сынак жарыялады. Байге фонду 1 миллион сом. Мындай маалыматты Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов “Сүйүктүү Бишкек” сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшырып жатып билдирди. Аталган сынак үч номинацияда, “Мыкты короо”, “Мыкты малаа” жана “Мыкты башкаруучу” номинацияда менен өткөрүлдү. Жеңүүчүлөр атайын комиссиянын чечими менен аныкталып акчалай сыйлыктарга ээ болушту.

Бишкектин мүлкү тууралуу маалыматтын бардыгы жарандардын ыңгайлуулугу үчүн ачык болушу керек. Бул тууралуу калаа мэри Азиз Суракматов күн мурун мэрияда өткөн жыйында билдирди. Айтымында, муниципалитетке тиешелүү мүлктөргө инвентаризация иштери жүргүзүлөт.

Борбор калаа кыш мезгилине даяр. Бүгүн мэрияда Бишкек шаардык кеңешинин турак-жай, коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транстпорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынынын кезектеги жыйыны болуп өттү. Анда, Бишкек шаарынын шаардык кызматтар тарабынан 2019-2020-жылдарга болгон күзгү-кышкы даярдыктар боюнча тиешелүү кызматтын өкүлдөрү маалымат беришти. Буга ылайык, даярдыктын алкагында эскирген жабдуулардын көпчүлүк бөлүгү жаңыртылып, жаңы жылуулук өткөрүү түтүктөр орнотулуп, кыш мезгилине зарыл болгон көмүр запасы алынып келинди.