Бейшемби, 25 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Өкмөт: 2020-жылы социалдык багытты өнүктүрүү активдүү улантылат

Өкмөт 2020-жылы социалдык багытты өнүктүрүүнү активдүү улантат. 2019-жылы 189 мамлекеттик кызмат санарипке өткөрүлүп, жарандардын кыйла убактысынын үнөмдөлүшүнө шарт түзүлдү. Союз ыдыраган соң жеке колдорго менчиктештирилип кеткен 224 бала бакча мамлекетке кайтарылып, анын 200ү учурда иштеп жатса, калгандарында оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө. Мындан сырткары 133 мектеп билим эшигин ачса, Кыргызстандагы дээрлик бардык мектептерге интернет жеткирилип, электрондук китепкана деген заманбап терминди биздин алыскы аймактагы окуучулар да колдонуп баштады. Ал эми үстүбүздөгү жылда кандай алга жылуулар күтүп турат кийинки материалда.

2020-жыл экономикалык жетишкендиктердин жана туруктуу өнүгүүнүн жылы болушу керек. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен өткөн кеңешмеде билдирди. Жыйындын жүрүшүндө 2019-жыл үчүн мамлекеттик органдардын ишинин экономика, финансы, эл аралык мамилелер, социалдык жана маданий чөйрөлөрдөгү негизги жыйынтыктары чыгарылды.