Жума, 19 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Ар бир бала бактылуу балалыкка жана жаркын келечекке ээ болууга укуктуу

Президент Сооронбай Жээнбековдун колдоосу менен үсүбүздөгү жылдын 1-июнунан тарта балдарга карата зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча «Тумар» улуттук кампаниясы башталган. Кампаниянын максаты — балдарды зомбулуктан коргоо жана аларга карата мамилени өзгөртүү жана ата-энелерге балдарды позитивдүү маанайда тарбиялоо тууралуу маалымат берүү болгон. Андан бери жер-жерлерде тынымсыз иштер жүргүзүлүп ата-энелер үчүн бир топ пайдалуу маалыматтар берилди.
Конвенциянын кабыл алынганынын 30 жылдыгына карата А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында майрамдык концерт уюштурулду. Ага өлкөнүн жети дубанынан келген миңге чукул мектеп окуучулары катышты.