Шейшемби, 16 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Ош: Тазалыкка өзгөчө көңүл бурулат

“Ош-Тазалык” муниципалдык мекемесине жолдорду жууп, тазалай турган атайын техникалар пайдаланууга берилди. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен алынып келинген 4 атайын техникага 16 миллион сом бөлүнгөн. Аталган техникалар жайкысын жолдорду шыпырып, жууса кышында жолдорго туз себүү функциясын да аткара алат.

Ош шаарында ЕАЭБдин талаптарына жооп берген, акыркы үлгүдөгү заманбап технологиялар менен жабдылган мал союучу жай ишке кирди. Анын ачылышына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана коноктор катышты. Аталган жай ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге жана башка алыскы, жакынкы өлкөлөргө эт экспорттойт.

Кечээ жааган кардан улам Ош шаарынын көчөлөрү көк муз болуп тоңуп, автоунаалар үчүн кооптуу абал жаралды. Мындан улам калаа тургундары тиешелүү кызматтар тарабынан туз, кум себилбей жатканына нааразы. Ал эми мэрия өкүлдөрү шаар көчөлөрүнө инерттик материалдар убагында себилгенин билдиришти.

2019-жылы Ош облусунда кичи жана орто бизнес тарабынан өндүрүлгөн өнөр жай продукциялары өткөн жылга салыштырмалуу 87 миллион сомго көп чыгарылган. Ал эми былтыр 61 өнөр жай ишканасы ишке киргизилип, 614 жумушчу орун түзүлгөн. Ошондой эле калкты таза-суу менен камсыз кылууда 350 айылга таза-суу жеткирилип, дагы 145 айылды ичүүчү суу менен камсыздоо иштери жүрүүдө. Бул маалыматтар Ош облусу боюнча 2019-жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегиянын кеңешмесинде айтылды.

Кытай менен өлкөнүн Ош облусу да чектешет. Коронавирусту алдын алуу жана анын жайылышына жол бербөө максатында түштүк региондо да штаб түзүлгөнү маалым. Азыркы тапта ооруну жуктуруп же шек саналган жарандар катталган эмес.

Өлкөдө алгачкылардан болуп Араван районунда жазгы талаа иштери башталды. Азыркы тапта дыйкандар чамгыр менен картөшкөлөрдү айдап жаткан учуру. Эми апрель-май айларында алгачкы түшүмдөр өлкө базарларына чыга баштайт. Быйыл Араван районунда 1700 гектар жерге картөшкө, 10 гектардан ашуун жерге чамгыр отургузуу пландалган.

Ош шаарынын башкы планына ылайык, 1300 чакырым жер тротуар үчүн каралса, иш жүзүндө анын 500 чакырымы гана колдонулат. Анткени алардын басымдуу бөлүгүн соода күркөлөрү же жеке менчик ээлери мыйзамсыз түрдө тосуп алышкан.

Быйыл Ош шаарынын бюджети 194 млн 979 миң сомго көбөйөт. Казына чогултулган салыктын эсебинен көбөйтүлдү. Эми бюджет боюнча коомдук талкуу өтүп, андан соң ал шаардык кеңештин кезектеги сессиясында бекитилет. Бул каражаттар кайсы тармактарга жумшалат?

Ош облусунун Алай районундагы Курманжан Датка тарыхый-этнографиялык музейинин чатыры алмаштырылып, экспонаттар да толукталды. 2015-жылдан бери чатырдан суу өтүп, ал ичиндеги материалдардын сакталышына да кедергесин тийгизип келген. Дээрлик 30 жылдан бери Алай ханышасына жана анын урпактарына таандык буюмдар сакталып келген музей тууралуу кийинки сюжетте сөз болот.

Ош шаарында жаңырган жылдан тартып үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда “онлайн кезек” системасы иштеп баштады. Мында бейтаптар үйүндө же жумушунда отуруп эле сайт аркылуу катталып койсо болот. Муну менен кезек күтүү көйгөйү чечилип, бейтаптардын убактысы да үнөмдөлөт.

Өзгөн шаарындагы Алишер Навои атындагы орто мектептин окуучулары 4 нөөмөттө билим алууга аргасыз. Анткени билим уясынын бир корпусу авариялык абалда деп табылган. Мындан улам бир жарым миң бала билим алган мектепке кошумча окуу имаратын куруу зарылдыгы келип чыгып, 2017-жылы 525 орундуу окуу корпустун курулушу башталган.

Ош шаарында балдардын 43% бала бакча менен камсыз болгон. Ал эми өзүнүн кезегин күтүп, бакчага барууну каалаган бөбөктөр миңдеп саналат. Бул көйгөйдү чечүүнү калаа бийлиги колго алып, учурда 4 жаңы бала бакчанын курулуш иштери жүрүүдө. Аймактык кабарчыбыз кененирээк токтолот.

Ал эми түштүк калаадагы Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында “Алтын балаты-2020” аталышында мэрдин балаты майрамы өттү. Иш-чарага мектептин алдыңкы окуучулары, балдар үйлөрүнөн, аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдары, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана ата-энелер келишти. Майрамдык кеченин жүрүшүндө жомок каармандары ыр ырдап, хореографиялык топтор түрдүү бий бийлеп, балдарга майрамдык маанай тартуулады.

Учурда Жаңы жылды тосууга камылгалар көрүлүп, өлкө базарларында түркүн-түстүү жардыргычтар, асманга атылуучу жарык чачкычтар жана башка пиротехникалар сатыла баштады. Жер жайнап чыккан жардыргычтар балдарды кызыктырары анык. Бүгүн Ош шаарынын базарларында атайын рейд өтүп, жарык чачкыч буюмдарды сатып алууда атайын колдонуу эрежелери жазылган көрсөтмө жана товардын тастыктамаларынын бар жогу текшерилди.

Жемкорлордон түшкөн каражатка Ош шаарындагы Н.Нариманов атындагы №7 мектеп-гимназиясынын дагы кошумча корпусу салына баштады. 500 орундуу бул имараттын курулушуна 54 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Белгилей кетсек, депозиттик эсеп 2018-жылдын июль айында президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен ачылган. Башкы прокуратурага, Финполицияга, УКМКга, ИИМге жемкорлордон кайтарылган каражатты ушул эсепке которуу милдети жүктөлгөн. Дал ушул атайын эсептен Бишкек жана Чүйдө 7ден, Ошто 1 мектептин курулушуна 799 млн сом бөлүнгөн эле.

Жаңы жылга саналуу гана күндөр калды. Эски жылды узатып, жаңы 2020-жылды тосуп алууга кызуу камылга көрүлүп жаткан маалы. Ордолуу Ош шаарында да 28 метрдик балаты орнотулуп, калаа көчөлөрү көрккө бөлөнүүдө.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эки күндүк иш сапары менен Ош жана Жалал-Абад облустарын кыдырууда. Анын алкагында өкмөт башчысы мектептин курулушу, оңдоодон өткөн жолду пайдаланууга берүү, суу топтомунун ачылышы өндүү бир катар социалдык мекемелердин ачылыш аземине катышып, инфраструктуралык жана өндүрүш объектилеринин курулушу менен таанышты.
Өкмөт өлкөнүн бардык аймактарында «Ишкерлерди тейлөө борборлорун» түзөт. Азыр мындай борборлордун кызматтарын Ош, Жалал-Абад, жана Баткен шаарларындагы ишкерлер пайдаланууда.