Шаршемби, 24 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Ош шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар кыска убакытта кесипке ээ болушат

Ош шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды кесипке үйрөтүү үчүн кыска мөөнөтүү окуу курсу ачылды. Мында маалымат технологиялары багыты боюнча сабактар өтүлүүдө. Азыркы учурда долбоордун алкагында 16 жаран билим алууда. Окууну аяктаган соң аларга атайын сертификат тапшырылып,жумуш менен камсыз болушат.

Базарданбы, дүкөндөнбү же буйрутма мененби, айтор кышкы бут кийимди сатып алууда көпчүлүк таза булгаарыдан жасалган бут кийимге басым жасашат эмеспи. Ал ысык-суукка чыдамдуу келип, бутта жагымсыз жытты да пайда кылбайт. Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну Абдулла Матрахимов 55 жылдан бери териден бут кийимдерди тигип келет.
Ош шаарынын таштанды полигону толуп, жаңы жайга көчүрүү муктаждыгы пайда болду. Ошондой эле азыркы полигон Жапалак айылына жакын жайгашып калган. Буга байланыштуу “Ош-Тазалык” ишканасы жаны таштанды полигонун куруу долбоорун иштеп чыкты.
Дээрлик 30 жылдан бери оңдоп түзөөдөн өтпөй, бейтаптарга бир топ ыңгайсыздыктарды жаратып, коомчулуктун сынына кабылган Ош шаарындагы балдардын жугуштуу стационарында ремонт иштери жүрүүдө. Бул үчүн республикалык бюджеттен атайын каражат бөлүнгөн.
Кыргызстан коммунисттик партиясынын биринчи катчысы кызматын 24 жыл, 5 ай, 24 күн аркалаган Турдакун Усубалиев Советтер Союзунда эң узак бийликте турган жетекчи катары тарыхта белгилүү. Дал ушул Кыргызстанды чейрек кылым жетектеген чыгаан мамлекеттик ишмердин 100 жылдыгына карата Ош шаарында илимий-тажрыйбалык конференция өттү. Ага Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, облус жетекчилери Турдакун Усубалиевдин жакындары, аны менен бирге иштешкен замандаштары катышып, мамлекеттик ишмердин даңазалуу өмүр жолу тууралуу ой бөлүшүштү.
Баткен окуясына 19 жыл. Буга байланыштуу Ош шаарында Баткен коогаланында каза болгондорду эскеруу иш чарасы отту. Ага жергиликтуу бийлик окулдору жана Баткен апаатынын катышуучулары катышты. Эскеруудо жоокерлердин мекен ынтымагын сактоого болгон эрдиктери айтылды. Ошондой эле Алай районундагы Жениш багында согушта баатырларча курман болгондордун элесине арналып эстелик тургузулду.

Токтогул гидроэлектрстанциясында жүрүп жаткан реабилитациялоо иштери толугу менен 2023-жылы аягына чыгарылат.Мындай пикирин ГЭСти реабилитациялоо долбоорун ишке ашырган топтун мүчөсү Исак Худайбердиев билдирди. Анын айтымында, учурда техникалык реконструкциялоо этабы аягына чыгарылып, 500 кВ ачык бөлүштүрүүчү жабдык, баштан аяк модернизацияланган.

Кыргыз милициясына 95 жыл! Бул датага карата Ош облустук ички иштер башкармалыгы бир катар сынактарды, спорттук иш-чараларды өткөрүүдө. Бүгүн тартип коргоочулар жана жөнөкөй жарандар арасында 3 чакырымга чуркоо боюнча мелдеш өттү. Анда катышуучулар үч категорияга бөлүнүп, жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланышты.

Ош шаарына караган Төлөйкөн айылынын 4 көчөсүнө алгачкы жолу таза суу жеткирилди. Аталган айылды таза суу менен камсыздоо максатында насостук станция менен эки суу кампасы курулган. Суу кампасына 200дөн 400 м3га чейин суу батат. Курулуш иштери менен шаар мэри Таалайбек Сарыбашов таанышып, иштер сапаттуу жүрбөгөндүгүн сынга алды. Калаа башчысы кетирилген кемчиликтерди жоюу боюнча шаардык муниципалдык турак жай коммуналдык башкармалыгы менен капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчилерине тапшырма берди.

Үстүбүздөгү жылдын 7-октябрынан тарта Бишкек, Ош жана Каракол шаарларындагы саламаттыкты сактоо мекемелеринде “Ымыркайларга жалпы кам көрүү” аталышта окутуу курстары жүрүп жатат. Окутуу иштери Саламаттыкты сактоо министрлиги менен LDS Charities эл аралык гуманитардык кызматы тарабынан уюштурулган. Мындан дарыгер-акушерлер, медайымдар жана неонотологдор өтүүдө. Аталган эл аралык гуманитардык кызматы Саламаттыкты сактоо министрлиги менен 10 жылдан бери кызматташып келет. Борбор калаада “ымыркайларды куткаруу үчүн 10 жылдык” аталышта тегерек стол өтүп, бул аралыктын ичинде аткарылган иштер тууралуу талкуулар болуп, доклад-презентациялар жасалды. Иш-чарага министрликтин өкүлдөрү, эл аралык коомдук уюмдардын мүчөлөрү жана аймактардан келген дарыгерлер катышты.
Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында коруучулорго ынгайлуу шарттар тузулуп жатат. Жылуулук киргизилип, ар бир канааларга чейин ондоп-тузоо иштери журуудо. Жарыктандыруулар, техникалык базалар, жана сахнанын кошоголору жаныланды. Театр түзүлгөнүгө 40 жыл толсо да, 40 жыл бою каражаттын тартыштыгынан театр оңдоп-түзөөгө алынбай келген. Бүгүнкү күндө театрдын имаратынын сырты, өрт коопсуздугу, көрүүчү залдын желдеткичи, сахнанын механикалык жабдуулары, грим бөлмөлөрү жаңылоого.Жалпы 30 иш бөлмө оңдолот.
“Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылынына карата чет жакта иштеген эмгек мигранттар да салым кошууда. 20 жылдай Россия Федерациясында иштеп келген Ош облусунун тургуну. Иштеп тапкан акчасына ташты кайра иштетүүчү ишкана ачып,15 айылдашын жумуш орду менен камсыз кылды. Өзгөн районунун Түз-Бел айылынын тургуну Жанболот Жунусалиев 20 жылга жакын Россияда эмгектенген. Ак эмгеги менен тапкан акчаны чогулткан мигрант, мекенине салым кылып, чакан ишкерлик кылуу жолун издей баштаган. Бир топ аракеттерден кийин ал сары ташты кайра иштетүүчү ишкана ачып, коңшу өлкөлөргө да экспорт кыла баштады.
“Кыштын камын жазда көр” демекчи, Ош шаарындагы бардык жылуулук берүүчү мекемелер даярдык иштерин эрте жазда эле баштап, азыркы мезгилде кышка толугу менен даяр. Калаа бийлиги да каражат бөлүп, от казандарды алмаштырып, керектүү бардык каражат менен камсыздаган. Ошондой эле бул ирет жылда көйгөй жаратып келген көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөөсүндөгү жылуулук түтүктөрү да текшерилип, алмаштырылды.

Быйылкы жылы Ош облусунда республикалык бюджеттен 108 социалдык обьектини куруу каралса,азыркы тапта 70инде курулуп иштери жүрүүдө. Мындан сырткары жеке ишкерлер да четте карап турбай,туулуп өскөн айылы үчүн колдоо көрсөтүп жатат.

Ош регионалдык курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгында бирдиктуу терезе системасы пайдаланууга берилди. Бирдиктуу терезе болуму ондоп тузоодон откон жаны орунда жарандарга талптагыдай ынгайлуу шартта кызмат корсотулуудо. Мекеме тарабынан жургузулуп жаткан иштер маалымат кызматкерлерине тааныштырылып, жергиликтуу тургундарды кабыл ала баштады.