Буга чейин өлкө аймагы боюнча бир жарым миңдей баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок экени маалым болгон. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына ылайык, өткөн жылы Бишкек шаарынын 8 жаңы конушунда гана 414 баланын күбөлүгү жоктугу аныкталган. Учурда министрликтин кызматкерлери жер-жерлерди кыдырып, каттоодо жок балдардын тизмесин Мамлекеттик каттоо кызматына тапшырууда.
2019-жылы жалпы өлкө аймагында 155 миңден ашык наристелер жарыкка келди. Суткасына болжол менен 465 ымыркай төрөлөт. Калктын социалдык муктаждыктарын жоюуга багытталган “Балага сүйүнчү” программасы 2018-жылдан тарта мурдагыдай үй-бүлөлөрдүн кирешесин эсептебей, ар бир балага 4000 сомдон төлөнүп берилиши тууралуу Өкмөт токтом чыгарган. Андан бери жыл сайын 650 миллион сомдун тегерегиндеги каражат ымыркайларга берилип келет. 2019-жылдын экинчи жарымынан тарта Мамлекеттик каттоо кызматы да төрөт үйлөрүнө барып ымыркайларга туулгандыгы тууралуу күбөлүктү дароо эле ошол жерден берип баштады.