Пирамида
С Вами на все времена!2020-жыл экономикалык жетишкендиктердин жана туруктуу өнүгүүнүн жылы болушу керек. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен өткөн кеңешмеде билдирди. Жыйындын жүрүшүндө 2019-жыл үчүн мамлекеттик органдардын ишинин экономика, финансы, эл аралык мамилелер, социалдык жана маданий чөйрөлөрдөгү негизги жыйынтыктары чыгарылды.
Өкмөттүн негизги багыттарынын бири – калкты жумуш орду менен камсыз кылып, элдин социалдык абалын жакшыртуу. Бул жаатта тиешелүү министрликтерге тапшырмалар берилип, бир топ иштер ырааты менен аткарылып келет. Социалдык блокту жетектеген вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жыйын өткөрүп, буга чейин министрликтерге берилген тапшырмалардын жыйынтыгын укту.