Ишенби, 20 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

КР-РФ: Өлкө лидерлери Эриш-аркак жылын расмий түрдө ачты

Россия менен Кыргызстан жакын, ишенимдүү шериктеш жана узак мөөнөттүү стратегиялык өнөктөш. Эки өлкө лидерлери Эриш-аркак жылын расмий түрдө ачты. Кремль сарайында өткөн салтанатта өлкө башчылары сөз сүйлөп, эки мамлекеттин ортосундагы байланыш мындан ары да бекемделе берерин белгилешти. Кызматташтык жылдын ачылышы эки өлкөнүн өнөрпоздору катышкан гала-концерт менен коштолду.

Эриш-аркак жылынын расмий ачылышы саналуу сааттардан кийин башталат. Буга байланыштуу Президент Сооронбай Жээнбеков Москва шаарына барды. Мамлекет башчысынын эки күндүк иш сапары Кремль дубалынын жанындагы “Белгисиз жоокердин” эстелигине гүл коюу менен башталды. Андан соң Президент Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтыктын келечегин талкуулады. Ошондой эле Россия Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен тар курамдагы жолугушуу болду.

Ош шаарында Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты. Бул Кыргызстандын Орусиядагы, Орусиянын Кыргызстандагы кызматташтык жылынын алкагында пландалган иш-чаралардын бири. Ал эми жалпы билим берүү жаатында быйыл 40ка чукул иш-чаралар мерчемделген. Кызматташтык жыл кандай жаңылыктар менен коштолот?

Эки тараптуу жолугушуулар, форумдар, Орусиянын бир катар шаарларында Кыргызстандын элчилигинин кеңселеринин ачылышы. Мына ушул иш-чаралардын бардыгы Кыргызстан менен Орусиянын эриш-аркак жылынын алкагында өтөт. Бул быйылкы жылга пландалган иш-чаралардын бир бөлүгү гана.

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 2019-жылы жалпы суммасы 77 млн долларга долбоорлорду каржыланган. Фонд иштеп баштагандан тарта бардыгы болуп 379 млн долларга 2 миң 351 долбоор бекиткен. Бул тууралуу бүгүн Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Эркин Асрандиев билдирди.