Бейшемби, 25 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Санариптешүү – мезгилдин талабы

Кыргызстанда электрондук кызмат көрсөтүү тутуму жаңыланат. Эми жарандар электрондук түрдө паспорт алмаштырууга, соттолбогондугу тууралуу маалымкат алууга арыз жаза алат. Ошондой эле өлкөнүн 10 билим берүү мекемелеринде пилоттук түрдө «Келечектин мектеби» долбоору ишке кирет. (2)Ал аркылуу окуучулардын күндөлүктөрү жана журналдары электрондошот. Бул программанын натыйжасында ата-энелер балдарынын кайсы жерде жүргөнүн дагы биле алышат.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети 2019-жылы өлкөнү санариптештирүү боюнча Президент койгон жети тапшырманын бешөөсүн аткарды. Бул тууралуу журналисттер менен маектешип жатып комитет төрагасы Дастан Догоев билдирди. Эки тапшырма ишканалардын өзү жана алар боюнча мыйзамдык базалардын толук даяр эместигинен ишке ашырылган жок. Ал эми мекемелер аралык байланышты камсыз кылган “Түндүк” электрондук системасына 86 мамлекеттик жана коммерциялык ишканалар туташтырылды. 2020-жылы саламаттык сактоо, билим берүү жана айыл чарба тармактарын санариптештирүүгө өзгөчө көңүл бурулат.