Шейшемби, 19 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Парламент эмки жылдын бюджетин биринчи окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеште “Кыргызстандын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясы кабыл алынды. Өкмөттүн берген маалыматына караганда, мыйзам долбоору мамлекеттик бюджеттин узак мөөнөттүү туруктуулугун камсыздоо жана бюджеттик жүрүмдү натыйжалуу башкаруу максатында иштелип чыккан.

Кыргыз дипломатиясына 75 жыл. 1944-жылы Кыргыз ССР Тышкы иштер эл комиссары уюштурулуп, Казы Дикамбаев комиссар болуп дайындалган. Бул дата тышкы саясатты тескеген мекеменин түзүлгөн күнү катары тарых барактарында жазылып калган. Бүгүн, Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Тышкы иштер министрлигинин 75 жылдыгына арналган иш-чара жана «Бириккен Улуттар Уюму менен кызматташуунун жыйынтыктары жана келечеги» форуму болуп өттү. Ага өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков, дипломатиялык кызматтын ардагерлери, дипкорпустун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, элчилер, дипломаттар, тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери катышты.
Кыргызстан тышкы саясатын бекемдеп, башка мамлекеттер менен кызматташууну арттырууга кызыкдар. Анткени, кайсы гана өлкө болбосун чет мамлекеттер менен мамиле түптөмөйүн экономикасынын алга жылышы татаал. Бул багытта Президент Сооронбай Жээнбеков алыскы жана жакынкы республикаларга иш сапар жасап, ар тараптуу документтер макулдашылганы ырас. Муну менен дипломатиялык ымаланын жаңы барактары ачылып, өлкөлөр менен стратегиялык шериктештик мамиле чыңдалууда. Биздин өлкө тең салмактуу, прагматикалык, көп тармактуу, бир тарапка ыктабаган, ачык саясат жүргүзүп келет. Тышкы саясат жүргүзүүдө тышкы иштер министрлигинин ролу зор. Мекеме быйыл 75 жылдыгын белгилөөдө.
“Жашыл экономика – күчтүү аймактар – өлкөнүн туруктуу өнүгүшү”. Дал ушундай ураан менен өлкө боюнча жашыл экономика жумалыгы башталды. Анда энергияны үнөмдүү пайдалана турган үй куруу, химиялык жер семирткич колдонулбаган органикалык жер-жемиш, жашылча өстүрүү менен андан көбүрөөк пайда көрүү, Кыргызстандын кайталангыс жаратылышын көрсөтүү менен гана экологиялык туризмди өнүктүрүү, элекроунаалардын санын арттыруу, желим баштык жана желим бөтөлкөдөн баш тартуу, табигатка кам көрүү маселелерин талкуулаган иш-чаралар уюштурулат. Жумалык 11-17-ноябрь аралыгында өлкө боюнча өтөт….