Шейшемби, 23 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Шайлоону өткөрүүгө бардык даярдык иш-чаралары өлкө мыйзамдарына ылайык жүрүп жатат

Апрель айында жергиликтүү кеңештердин, ал эми күз айларында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо болору маалым. Мындай ири саясий окуялар өткөнгө чейин тиешелүү мыйзамдарга толуктоолор менен катар өзгөртүүлөр киргизилүүдө. Алсак, Жогорку Кеңештин кароосундагы шайлоо мыйзамдарын бузууларды алдын алуу, мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик механизмдерин киргизүү жана административдик ресурсту пайдаланууга бөгөт коюу боюнча мыйзам долбоору жакын арада парламенттин жалпы жыйынында талкууланганы турат.

Былтыр өлкө аймагындагы айылдык кеңештерге айымдарга 30 пайыздык квота берүү боюнча мыйзам кабыл алынганы баарыбызга маалым. Анын башкы себеби катары көптөгөн жергиликтүү кеңештерде депутат аялдардын жок болгондугу айтылып келген. Шайлоого аттанам деген айымдарды даярдоо жана мыйзамдык, укуктук жол-жоболорду үйрөтүү максатында лидерлик мектеби түзүлдү.

Шайлоо өнөктүгү жакындаган сайын саясий активдүүлүк жогорулайт. Бирок шайлоого ким кандай катышса өз эрки, шайлоодон соң турмушту, өлкөнүн келечегин унутпаш керектигин Президент Сооронбай Жээнбеков күн мурун Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып билдирген болчу. Учурдан пайдаланып, өлкө башчысы парламенттин трибунасында мамлекеттин саясатына, экономика жана аймактарды өнүктүрүүдөгү артыкчылыктуу багыттарына кеңири токтолуп өткөн эле. Акыркы эки жылда аткарылган иштер боюнча коом кандай ойдо?