Жума, 29 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Президент Сооронбай Жээнбеков: “Элдин ишеними болгондо гана шайлоо системасы натыйжалуу болот”.

Борбор калаада Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын 30 жылдыгына карата «Кыргызстандын шайлоо комиссиялары демократиялык өнүгүүнүн тажрыйбасы жана келечеги» аттуу конференция өттү. Иш-чаранын алкагында өлкөнүн шайлоо системасынын ардагерлерине Президенттин атынан баалуу белектер тапшырылды.