Жума, 29 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Аскер кызматкерлери жаңы жыл алдында жаңы конуштуу болушту

Жаңы жыл алдында Куралдуу күчтөрдүн жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычтары тапшырылды. Аларды жаңы конушу менен Президент Сооронбай Жээнбеков куттуктады. Мамлекет башчысынын катышуусу менен Бишкек шаарынын 12-кичи районунда аскер кызматкерлери жана Аламүдүн районунун Молдовановка айылында Жаза аткаруу кызматкерлери үчүн турак жайлардын ачылыш аземи өттү. Президент аскер кызматчыларын кубанычтуу окуя менен куттуктап, аскер кызматкерлеринин социалдык абалын жакшыртууга мындан ары да өзгөчө көңүл буруларын баса белгиледи.

Бишкекте «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» жогорку деңгээлдеги донордук конференция өтөт. Ага мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков катыша турганын Президенттик Аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев билдирди. Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча маселелер талкууланчу форумга эл аралык 25 уюмдан жана 10 өлкөдөн өнүктүрүү жаатында кызматташкан өнөктөштөр чакырылган.

Жашыл сатып алуулар — бул айлана-чөйрөгө зыян келтирбөөчү азыктар жана кызматтар. Алар экологияны таза сактоо менен бирге экологиянын эффективдүүлүгүн жакшыртып, инновациялык ойлоп табууларга жол ачат. Бүгүн борбор калаада “Кыргызстандагы «жашыл» сатып алуулар — реалдуулукпу же кыялбы?” деген темада туруктуу мамлекеттик сатып алуулар боюнча тегерек стол өттү.

Кыргызстан тышкы саясатын бекемдеп, башка мамлекеттер менен кызматташууну арттырууга кызыкдар. Анткени, кайсы гана өлкө болбосун чет мамлекеттер менен мамиле түптөмөйүн экономикасынын алга жылышы татаал. Бул багытта Президент Сооронбай Жээнбеков алыскы жана жакынкы республикаларга иш сапар жасап, ар тараптуу документтер макулдашылганы ырас. Муну менен дипломатиялык ымаланын жаңы барактары ачылып, өлкөлөр менен стратегиялык шериктештик мамиле чыңдалууда. Биздин өлкө тең салмактуу, прагматикалык, көп тармактуу, бир тарапка ыктабаган, ачык саясат жүргүзүп келет. Тышкы саясат жүргүзүүдө тышкы иштер министрлигинин ролу зор. Мекеме быйыл 75 жылдыгын белгилөөдө.