Бейшемби, 25 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Президент Сооронбай Жээнбеков: БАЭ Кыргызстандын ири соода-экономикалык өнөктөшү

Кыргызстан араб дүйнөсү менен 1992-жылы кызматташа баштады десек болот. Бирок ал учурдагы сапарлар өтө терең изилденбей, талданбай, үстүрт мамиле жасалып калганын байкайбыз. Бул багытта, президент Сооронбай Жээнбековдун Сауд Арабия королдугуна расмий визитинин негизги тематикасы экономикалык кызматташууну күчөтүү болду. Бул инвестицияларды тартуу, соода-экономикалык байланыштарды тереңдетүү, ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, эки өлкөнүн бизнес чөйрөлөрүнүн ортосундагы алакаларды жана байланыштарды күчөтүү маселелери. Бүгүнкү күндө эки өлкөнүн ортосундагы потенциал толук ишке ашырыла элек, Бирок мамлекет башчынын аталган өлкөгө болгон сапарынын алкагында эки өлкө кызматташтыгын артыруу, түз инвестицияларды тартуу багытындагы макулдашуулар боюнча чоң мүмкүнчүлүктөр бар дешет экономикалык серепчилер. Деги эле эки өлкө лидерлеринин жолугушуусунда кыргыз-сауд кызматташтыктын негизги өзөгү, эки өлкөнүн ортосундагы соода экономикалык алакаларды күчөтүү жаатындагы сунуштар… кыргыз-араб инвестиция кызматташтыгы. Экономикалык жана гуманитардык алакаларда кайсы багыттарга көңүл буруш керек?

Президент Сооронбай Жээнбековдун колдоосу менен үсүбүздөгү жылдын 1-июнунан тарта балдарга карата зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча «Тумар» улуттук кампаниясы башталган. Кампаниянын максаты — балдарды зомбулуктан коргоо жана аларга карата мамилени өзгөртүү жана ата-энелерге балдарды позитивдүү маанайда тарбиялоо тууралуу маалымат берүү болгон. Андан бери жер-жерлерде тынымсыз иштер жүргүзүлүп ата-энелер үчүн бир топ пайдалуу маалыматтар берилди.
Өнөктөштөр тарабынан берилип жаткан каражаттар өлкөнүн приоритеттүү багыттарына сарпталышы керек. Анткени, эл аралык донорлордон канча суммадагы каражаттар келбесин, мамлекет тарабынан туура пайдаланылбаса, натыйжа чыкпайт. Президент Сооронбай Жээнбеков жүргүзүп жаткан саясатты эл аралык өнөктөштөр дагы колдойт. Бул тууралуу күн мурун өткөн «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» жогорку деңгээлдеги донордук форумуна келген эл аралык уюмдардын өкүлдөрү дагы билдиришкен. Ал эми серепчилердин баамында, өлкө башчысы атап өткөн аймактарды өнүктүрүү, ирригация, санариптештирүү, таза суу, энергетика, жол жана коммуникация сындуу тармактар өнөктөштөрдүн колдоосуна муктаж.
«Бүгүнкү ишибиздин максаты — өнүгүүнү камсыз кылуучу реформаларды тездетүү, инвестицияларды зарыл болгон багыттарга буруу жана финансылык салымдардын натыйжалуулугун камсыз кылуу». Мындай пикирин Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте эл аралык донордук уюмдардын, эл аралык финансы институттарынын, өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн катышуусу менен өткөн «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» аттуу жогорку деңгээлдеги өнүгүү форумунда билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан эгемендүүлүгүн алгандан бери өнөктөштөрдүн көмөгү менен ири долбоорлор ишке ашырылган.
Бүгүн борбор калаада “Агроөнөр жай комплексинин учурдагы көйгөйлөрү” аталышындагы тегерек стол өттү. Аталган иш-чарага министрликтердин өкүлдөрү, агроөнөр жай тармагында иш алып барган эл аралык фонддор жана 50дөн ашык ишканалардын жетекчилери катышты. Анда өлкөнүн өнөр жай тармагындагы болуп жаткан учурдагы көйгөйлөрү жана актуалдуу маселелери талкууланды.
Борбор калаада Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын 30 жылдыгына карата «Кыргызстандын шайлоо комиссиялары демократиялык өнүгүүнүн тажрыйбасы жана келечеги» аттуу конференция өттү. Иш-чаранын алкагында өлкөнүн шайлоо системасынын ардагерлерине Президенттин атынан баалуу белектер тапшырылды.
Кыргыз дипломатиясына 75 жыл. 1944-жылы Кыргыз ССР Тышкы иштер эл комиссары уюштурулуп, Казы Дикамбаев комиссар болуп дайындалган. Бул дата тышкы саясатты тескеген мекеменин түзүлгөн күнү катары тарых барактарында жазылып калган. Бүгүн, Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Тышкы иштер министрлигинин 75 жылдыгына арналган иш-чара жана «Бириккен Улуттар Уюму менен кызматташуунун жыйынтыктары жана келечеги» форуму болуп өттү. Ага өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков, дипломатиялык кызматтын ардагерлери, дипкорпустун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, элчилер, дипломаттар, тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери катышты.

Жыл соңуна чейин Бишкек шаарына миңден ашык камера орнотулат. Бул тууралуу бүгүн өткөн Патрулдук милиция кызматынын пилоттук долбоорунун ачылышында белгилүү болду. Ага Президент Сооронбай Жээнбеков катышты. Өлкө башчысы жаңы ачылган Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын «Командалык борборун» да көрүп чыкты. Бүгүнтөн тарта Кайгуул милициясы пилоттук режимде Бишкектин Биринчи май жана Свердлов райондорунда иштей баштады. Иш чарада сөз сүйлөгөн өлкө башчысы «Патрулдук милиция — мамлекет менен граждандык коомдун биргелешип жасаган ийгиликтүү долбоору» экендигин долбоору экендигин белгилеп, калктын милицияга болгон ишенимин кайтаруу башкы максат деди.

Президент Сооронбай Жээнбеков япон өлкөсүнө болгон үч күндүк сапарынын алкагында императордун таажы кийип, такка отуруу салтанатына катышуу менен бирге бир катар эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, бир нече ишканаларга барып, алардын иши менен таанышты.
Президент Сооронбай Жээнбеков Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэни Кыргызстанга визит менен келип кетүүгө чакырды. Күн чыгыш өлкөсү аталган Японияга болгон иш сапарынын алкагында өлкө башчысы бүгүн жапон өкмөт башчысы менен жолугушуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Анда кыргыз япон кызматташтыгын өнүктүрүүнүн багыттары, жана келечекке болгон кадамдар талкууланды. Ушул эле күнү президент япониянын ишкерлери менен жолугуп, ири ишканаларга барды.
Күн чыгыш өлкөсү аталган Япония өлкөсүндө кылымдын негизги окуяларынын бири орун алды. Күндү символ туткан чыгыш элинде бүгүн жаңы император Нарухито таажы кийип, салнтанаттуу түрдө такка отурду. Ал өзүнүн 89 жаштагы атасы император Акихитонун ордун басып отурат. Жапон элинде мурдагы императордун көзү тирүү туруп жаңы монархтын такка отуруусу 2 кылымдан бери алгачкы ирет болуп жатат. Салтанатка катышуу үчүн дүйнөнүн 170 ашуун өлкөлөрүнеөн сыйлуу коноктор, өлкө башчылары, дипломатиялык кызматтын өкүлдөрү келген. Алардын арасында өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков да бар. Ал аземге катышуу үчүн самурайлардын мамлекетине кечээ учуп барган. Императордун такка отуруу жөрөлгөсүнө катышкан соң өлкө башчысы бүгүн Жапонияда иштеп эмгектенип жүргөн мекендештер менен да жолугушту.
Ушул жылдын жазында күн чыгыш өлкөсүндө акыркы 30жылдан бери императорлук кылып келе жаткан 89 жаштагы монарх Акихито бийликтен баш тартканын жар салган. Ошентип мурдагы император Акихитонун уулу жаңы император Нарухито такка отура турган болгон. Ал 59 жашта. 1960-жылы 23-февралда Токио шаарында туулган. Жапондордо деги эле тарыхта монархтын такка отуруусу өзгөчө салтанат менен белгиленет. Дүйнөнүн булуң бурчунан атайын коноктор, өлкө башчылары, элчилер чакырылат. Мына ушул жаңы император Нарухитонун такка отуруу жөрөлгөсүнө катышуу үчүн өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков да самурайлардын өлкөсүнө келди.

Күрп-Сай ГЭСине мамлекеттик жана партиялык ишмер, кыргыздын чыгаан уулу Турдакун Усубалиевдин ысымы ыйгарылат. Мындай маалыматты Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-октябрда, Токтогул ГЭСин реабилитациялоо долбоорунун 1-фазасынын жыйынтыкталышына байланыштуу откон салтанаттуу иш-чарада билдирди. Мамлекет башчысы жалал абад облусуна болгон 2 кундук иш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСинин аймагына барып, аткарылган иштер менен жакындан таанышты. Иштеп жатканына 40 жылдан ашкан ГЭС каскадында реконструкциялоо иштери жүргүзүлгөн эмес, ушул себептен ГЭСтин жабдуулары моралдык жактан эскирип, толугу менен алмаштырууну талап кылган. Токтогул ГЭСин жаңылоо үч фазадан турат.

Кыргызстанды чейрек кылым жетектеген Турдакун Усубалиевдин орду толгус эмгеги бааланышы шарт. Ошол себептен, мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевди мамлекет кызматкерлерине үлгү катары айтып келет. Буга ылайык, бүгүн борбор калаада мамлекеттик жана саясий ишмерди эскерүү кечеси болуп өттү. Анда Турдакун Усубалиев кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышы, алдыңкы өнөр жай өлкөсүнө айланышына, маданий жактан өнүгүшүнө, парламенттик системанын түптөлүшүнө салымы зор экендиги айтылып, ысымын көчөөгө, райондорго ыйгаруу керектиги белгиленди.
Кыргызстан тышкы саясатын бекемдеп, башка мамлекеттер менен кызматташууну арттырууга кызыкдар. Анткени, кайсы гана өлкө болбосун чет мамлекеттер менен мамиле түптөмөйүн экономикасынын алга жылышы татаал. Бул багытта Президент Сооронбай Жээнбеков алыскы жана жакынкы республикаларга иш сапар жасап, ар тараптуу документтер макулдашылганы ырас. Муну менен дипломатиялык ымаланын жаңы барактары ачылып, стратегиялык мамиле чыңдалууда. Ал эми, Бишкекте өткөн ШКУ Саммити өлкөнүн саясий жашоосундагы ири окуя болуп калды.

Кыргызстан, Казакстан, Турция жана Азербайжан. Мына ушу торт олко Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин Жетинчи жыйынында чогулуп отурушат. Быйыл, бул аянтча дагы кеңейди. Себеби, бул кеңешке мүчө болуп Өзбекстан мамлекетти кирди. «Түрк кеңешинин өлкөлөрү ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун дараметин жогорулатуу зарыл. Өзгөчө чакан жана орто ишкердикке колдоо көрсөтүү абдан маанилүү. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков жыйындын жүрүшүндө билдирди. Мамлекет башчысы бүгүнкү Саммиттин темасы «Кичи жана орто ишкердикти өнүктүрүү» экенин, буга байланыштуу кыргыз тарап түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкка чоң маани берерин белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков: Биздин көңүл биргелешкен экономикалык долбоорлорду өнүктүрүүгө жана өнөр жай кооперациясын кеңейтүүгө бурулушу керек