Шаршемби, 24 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

«ПИРАМИДА ЖУМАЛЫГЫ» Ильич Кулназаров менен //01.03.2020

Мамлекеттик сыйлыктардын арасынан “Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер” деген ардактуу наамга жалгыз Ильвира Жогина татыды. Азыркы тапта Бишкек шаарынын “Ынтымак” олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин директорунун орун басары кызматын аркалаган айым, буга чейин бир канча мамлекеттик сыйлыктарга татыган. Убагында сууда сүзүү, кайык жана каноэ менен сүзүү жана парус спорту боюнча 30дан ашык спорт чеберлерин, 2 эл аралык класстагы спорт чеберин чыгарган. 1992-жылы анын катышуусунда ат спорту боюнча федерация түзүлүп, ал эл аралык жана Азия федерациялары тарабынан таанылган.

Кыргызстандык спортчулар Италияда өткөн таэквон-до ITF боюнча дүйнө биринчилигинде 9 медалга ээ болушту. Биринчилик Маракалагонис шаарында өтүп, ага 43 өлкөдөн 700гө жакын спортчу катышкан. Кыргызстандан барган Куттубек Мияров 60 кг чейинки салмакта беттешип алтын медалды жеңген. Аны менен бирге “жалгыз мушташуу” түрүнөн күмүш жана атайын техникадан коло медалга ээ болгон. Ал эми Баястан Баргыбаев 85 кг чейинки салмакта беттешип алтын медалды уткан. Ошондой эле күч менен буюмдарды сындырууда күмүш медалды тагынган.

Соңку жылдары өлкөдө спорт тармагын өнүктүрүүгө, спорттук имараттарды курууга же эски имараттарды жаңылоого өкмөт тарабынан бир топ алгылыктуу иштер аткарылууда. Айтсак, борбор калаадагы Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледжи толугу менен жаңыланып,оңдоп түзөөдөн өткөрүлдү. Ошол эле учурда Кабаа уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда да болуп көрбөгөндөй ремонт иштери аягына чыгууда.