Ишенби, 20 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледж толугу менен жаңыланып, оңдоп түзөөдөн өткөрүлдү

Соңку жылдары өлкөдө спорт тармагын өнүктүрүүгө, спорттук имараттарды курууга же эски имараттарды жаңылоого өкмөт тарабынан бир топ алгылыктуу иштер аткарылууда. Айтсак, борбор калаадагы Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледжи толугу менен жаңыланып,оңдоп түзөөдөн өткөрүлдү. Ошол эле учурда Кабаа уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда да болуп көрбөгөндөй ремонт иштери аягына чыгууда.