Жума, 19 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Жаштар театрынын имараты урап калуу коркунучунда

Советтер союзунун учурунда пионерлер үйү, эгемендик жылдары жаштар театры орун алган имараттын курулушу 1929-жылы башталып, пайдаланууга берилген. Андан бери арадан 90 жыл өтүп, имарат урап калуу коркунучуна кептелди. Дээрлик отуз жылдан бери оңдоп-түзөөдөн өтпөгөн театрдын чатырынан суу агып, аянычтуу абалда. Мындай жагдайды эске алган Өкмөт кооптуу имаратта иштеп жаткан артисттер үчүн жаңы имарат куруп берүү чечимин кабыл алган.

Борбор калаада актёрлук чеберчилик жаатында билим алып жаткан студенттердин 5-республикалык “Жаңы ысымдар” фестивалы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Ага жалпы сегиз окуу жайдын студенттери катышкан. Фестиваль Маданият маалымат жана туризм министрлиги менен Театр ишмер союзу тарабынан уюштурулган.

Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында коруучулорго ынгайлуу шарттар тузулуп жатат. Жылуулук киргизилип, ар бир канааларга чейин ондоп-тузоо иштери журуудо. Жарыктандыруулар, техникалык базалар, жана сахнанын кошоголору жаныланды. Театр түзүлгөнүгө 40 жыл толсо да, 40 жыл бою каражаттын тартыштыгынан театр оңдоп-түзөөгө алынбай келген. Бүгүнкү күндө театрдын имаратынын сырты, өрт коопсуздугу, көрүүчү залдын желдеткичи, сахнанын механикалык жабдуулары, грим бөлмөлөрү жаңылоого.Жалпы 30 иш бөлмө оңдолот.