Кыргызстанда коррупция менен күрөш уланып, иштер мындан ары да күчөтүлөт. Мындай пикирин мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Президент коррупцияга малынган аткаминерлерди камаганда гана маселе чечилип калбастыгына токтолуп, коррупцияга бөгөт коюу жана алдын алуу боюнча санариптештирүү ишке ашырылып жатканын айтты. Мындан тышкары, акыркы эки жылда аймактарды өнүктүрүүгө көңүл бурулуп, ишкердикти колдоо менен жумуш орундары түзүлгөнүн эске салды. Ал социалдык тармакты колдоо, ирригация, калкты таза суу менен камсыз кылуу жана мамлекетибиздин улуттук кызыкчылыктарына жооп берген тышкы саясатты жүргүзүүнү убада кылганын айтып, алар ырааты менен ишке ашырылып жатканына токтолду. Ошондой эле, өлкө башчысы, быйыл парламенттик шайлоо болоорун эске салып, коомчулукта шайлоо босогосунун чеги тууралуу талкуулар токтой электигин, жыйынтык чыгарарда “Жети өлчөп бир кесүүгө” эл өкүлдөрүн чакырды.
Аймактарды өнүктүрүү эми кластердик система менен ишке ашат. Ага өлкөнүн ар кыл каржы институттары көмөк көрсөтөт. Бүгүн, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусу менен аймактарды кластердик система менен өнүктүрүү үчүн түзүлгөн координациялык топтун биринчи жыйыны өттү. Анда аймактарды өнүктүрүү, ишкерлерге колдоо көрсөтүү үчүн аткарыла турчу маселелер талкууланды.
Былтыр Жогорку Кеңеш калкты ичүүчү суу менен камсыздоо жана ирригация тармагын жакшыртуу боюнча 8 мыйзам долбоорду кабыл алган. Күн мурун Президент Сооронбай Жээнбеков Кербен жана Исфана шаарларын суу менен жабдуу, канализация системасын реабилитациялоо жана “Айыл жерлерин ичүүчү суу менен камсыз кылуу, санитария системаларын өнүктүрүү“ долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө 3 мыйзамга кол койду. Буга ылайык, Кербен менен Исфана шаарлары жана ага жакын жайгашкан айылдар, андан сырткары Баткен, Талас облустарындагы 130 калктуу конуштарга ичүүчү таза суу жеткирилип, ирригация тармагы жакшыртылат.
Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылында өлкөдө бир топ алгылыктуу иштер аткарылды. Маселен, жалпы республика боюнча дээрлик 350 километр жол асфальтталып, ири стратегиялык трассалардын курулушу, оңдоо иштери жыйынтыкталууда. Быйыл жүздөн ашык айыл-кыштак ичүүчү таза суу менен камсыз болуп, төрт жарым миңдей үй-бүлө “жеткиликтүү турак жай” программасы аркылуу ак өргөлүү болушту. Ошондой эле ишкерлерти өнүктүрүү үчүн дагы жакшы шарттар ишке ашырылды. Мындан сырткары, узап бара жаткан 2019-жыл Кыргызстандын тышкы саясаты үчүн ири окуяларга дагы бай болду.
Жогорку Кеңеште “Кыргызстандын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясы кабыл алынды. Өкмөттүн берген маалыматына караганда, мыйзам долбоору мамлекеттик бюджеттин узак мөөнөттүү туруктуулугун камсыздоо жана бюджеттик жүрүмдү натыйжалуу башкаруу максатында иштелип чыккан.
Жашыл сатып алуулар — бул айлана-чөйрөгө зыян келтирбөөчү азыктар жана кызматтар. Алар экологияны таза сактоо менен бирге экологиянын эффективдүүлүгүн жакшыртып, инновациялык ойлоп табууларга жол ачат. Бүгүн борбор калаада “Кыргызстандагы «жашыл» сатып алуулар — реалдуулукпу же кыялбы?” деген темада туруктуу мамлекеттик сатып алуулар боюнча тегерек стол өттү.
Быйыл Композиторлор союзунун түзүлгөнүнө 80 тыл толду. Буга карата борбор калаада бир катар иш-чараларды өткөрүү пландалган. Бүгүн, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында салтанаттуу иш-чара болуп, ага Композиторлор союзунун кызматкерлеринен тышкары Президенттик Аппараттын жана Жогорку Кеңештен өкүлдөр катышты. Анын алкагында мааракеге карата композитор, обончулар арасында өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгы чыгарылып, белектер дагы тапшырылды.
Эл өкүлдөрү аймактарды кыдырып, шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүүдө. Күн мурун Жогорку Кеӊештин вице-спикери Аида Касымалиева менен депутат Сагындык Келдибаев Ош облусунун Өзгөн районунун эли менен жолугуп, алардын койгон маселелерин угушту. Ошондой эле эл өкүлдөрү республикалык бюджеттен каражат бөлүнүп, бирок курулушу толук бүтпөгөн социалдык объектилер менен жеринен таанышты.
Маданият кызматкерлерин өзгочо көңүл бурууга убакыт келип жетти. Мындай демилге аталган кесиптин ээлерин куттуктоо аземинде Жогорку Кенештин төрагасы белгиледи. Бул майрамдык салтанат Кыргыз Республикасынын маданиятынын өнүгүп өсүүсүнө салымын кошкон Кыргыз Эл артистери кызыл килемден өтүп, иш чара бардык багытты камтыган өзгөчө форматта өттү. Эске салсак, Мындан улам Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы президенттин кенешчиси Султан Раевдин, Жогорку Кеңешинни төрагасы Дастан Жумабековдун, Вице- Премьер министри Алтынай Өмүрбекованын жана жалпы маданият кызматкерлеринин катышуусу менен өттү. Майрамдык салтанатка маданият тармагында көп жылдан бери үзүрлүү эмгектинип жаткан кызматкерлерге сыйлыктар тапшырылды.