Ишенби, 20 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Президент: Биз тарыхты кайра жазуу аракеттерине каршы чечкиндүү күрөшөбүз

Кыргызстанда коррупция менен күрөш уланып, иштер мындан ары да күчөтүлөт. Мындай пикирин мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Президент коррупцияга малынган аткаминерлерди камаганда гана маселе чечилип калбастыгына токтолуп, коррупцияга бөгөт коюу жана алдын алуу боюнча санариптештирүү ишке ашырылып жатканын айтты. Мындан тышкары, акыркы эки жылда аймактарды өнүктүрүүгө көңүл бурулуп, ишкердикти колдоо менен жумуш орундары түзүлгөнүн эске салды. Ал социалдык тармакты колдоо, ирригация, калкты таза суу менен камсыз кылуу жана мамлекетибиздин улуттук кызыкчылыктарына жооп берген тышкы саясатты жүргүзүүнү убада кылганын айтып, алар ырааты менен ишке ашырылып жатканына токтолду. Ошондой эле, өлкө башчысы, быйыл парламенттик шайлоо болоорун эске салып, коомчулукта шайлоо босогосунун чеги тууралуу талкуулар токтой электигин, жыйынтык чыгарарда “Жети өлчөп бир кесүүгө” эл өкүлдөрүн чакырды.

Аймактарды өнүктүрүү эми кластердик система менен ишке ашат. Ага өлкөнүн ар кыл каржы институттары көмөк көрсөтөт. Бүгүн, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусу менен аймактарды кластердик система менен өнүктүрүү үчүн түзүлгөн координациялык топтун биринчи жыйыны өттү. Анда аймактарды өнүктүрүү, ишкерлерге колдоо көрсөтүү үчүн аткарыла турчу маселелер талкууланды.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш байлыктарын сактоо боюнча долбоорлорду жана программаларды тандоо боюнча сынак комиссиясы түзүлдү. Буга байланыштуу маалымат жыйыны өтүп, анын катышуучулары комиссиянын иши жана ага кимдер киргени тууралуу айтып беришти. Анда айтылгандай, учурда комиссия долбоорлорду тандоо боюнча иш алып барып жатат. Аталган долбоорлор Өкмөт менен Центерра Голд «Кумтөр» кенин иштетүүнүн алкагында түзүлгөн жаратылышты өнүктүрүү фондунун эсебинен каржыланат. Фонддун эсебинде азыр 57 млн доллардын тегерегинде каражат бар. Долбоорлорду кимдер сунуштай алат?
Борбор калаа кыш мезгилине даяр. Бүгүн мэрияда Бишкек шаардык кеңешинин турак-жай, коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транстпорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынынын кезектеги жыйыны болуп өттү. Анда, Бишкек шаарынын шаардык кызматтар тарабынан 2019-2020-жылдарга болгон күзгү-кышкы даярдыктар боюнча тиешелүү кызматтын өкүлдөрү маалымат беришти. Буга ылайык, даярдыктын алкагында эскирген жабдуулардын көпчүлүк бөлүгү жаңыртылып, жаңы жылуулук өткөрүү түтүктөр орнотулуп, кыш мезгилине зарыл болгон көмүр запасы алынып келинди.