Бейшемби, 18 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Бишкек шаарына 1-ноябрдан тарта жылуулук бериле баштайт

1-ноябрдан тарта борбор калаабыздын тургундарына жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу Бишкек мэриясында өткон жыйында белгилүү болду. Тиешелүү тармактын кызматкерлеринин билдирүүсүндө бардык жылуулук ишканалары кышка даяр. Бүгүнкү кундө Бишкек ЖЭБинде көмүрдүн запасы 200 000 тоннадан ашат. Кыш мезгилиндеги аба температурасы өткөн жылдардагыдай болсо бул көлөм кыштын дээрлик теңинен ашыгына жетет.
Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында коруучулорго ынгайлуу шарттар тузулуп жатат. Жылуулук киргизилип, ар бир канааларга чейин ондоп-тузоо иштери журуудо. Жарыктандыруулар, техникалык базалар, жана сахнанын кошоголору жаныланды. Театр түзүлгөнүгө 40 жыл толсо да, 40 жыл бою каражаттын тартыштыгынан театр оңдоп-түзөөгө алынбай келген. Бүгүнкү күндө театрдын имаратынын сырты, өрт коопсуздугу, көрүүчү залдын желдеткичи, сахнанын механикалык жабдуулары, грим бөлмөлөрү жаңылоого.Жалпы 30 иш бөлмө оңдолот.
“Кыштын камын жазда көр” демекчи, Ош шаарындагы бардык жылуулук берүүчү мекемелер даярдык иштерин эрте жазда эле баштап, азыркы мезгилде кышка толугу менен даяр. Калаа бийлиги да каражат бөлүп, от казандарды алмаштырып, керектүү бардык каражат менен камсыздаган. Ошондой эле бул ирет жылда көйгөй жаратып келген көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөөсүндөгү жылуулук түтүктөрү да текшерилип, алмаштырылды.

Кыштын кычыраган суугунда муздак класста окуган балдар, оорукананын суук бөлмөлөрүндө дарыланган бейтаптар -бул биз үчүн анчейин өөн учурабаган көрүнүш. АРИС программасынын алкагында мына ушундай социалдык мекемелердин жылуулук системасын алмашытырып, энергия үнөмдүү технология менен жабдуу пландалууда. Мындай кадам экономикалык жактан да пайда алып келет.