Бейшемби, 28 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

ӨЛКӨНҮ ГАЗДАШТЫРУУ УЛАНУУДА

Биринчи май районуна караштуу 16 жаңы конуш бар болсо, жалпы район боюнча 214 миң адам жашайт. Бүгүнкү күндө аталган районго караштуу 12 жаңы конушунун 1100 обонетти табигый газ менен камсыздалган. Ал эми алгачкы ирээт жаратылыш газы тартылып жаткан Маданият конушда газ түтүктөрүн, көзөмөл бекеттерин кою иштери жаз айларында башталган. Эми Аска-Таш, Достук жана Чалбай конуштарында газ түтүктөрүн тартуу иштери башталат.

Жыл башынан бери салык отчётторун электрондук түрдө тапшырган салык төлөөчүлөрдүн саны 45 миңге көбөйдү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат катчысы Эркин Сазыков билдирди. Анын айтымында, быйыл жалпысынан 146 миң колдонуучу отчетун электрондук ыкма менен жөнөткөн. Анда Салык кызматы «салык органына барбастан жана кагаз жүзүндө толтурбастан жеке электрондук кабинет аркылуу отчетту онлайн режиминде тапшырышкан. Кыргызстанда мамлекеттик салыктын алты, жергиликтүү салыктын эки түрү бар. Бул багытта, ишкана-мекемелер алар боюнча отчет тапшырып турууга милдеттүү.

Мамлекеттик саясаттын маанилүү бирден-бир тармагы билим берүү системасы. Буга ылайык, 2008-жылдан бери “Мгалимдер күнү” октябрдын биринчи жумаасында өзгөчо белгиленип келет. Алсак, бүгүн билинбес бийик кесиптин ээлерин калаа башчысы майрамы менен куттуктап, жыл сайын мугалимдер, тарбиячылар арасында өткөн “ Жүрөгүм менин балдарда -2019” кароо-сынактын жыйынтыгы чыгарылып, белектер тапшырылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөнүн бардык аймактарында, кырсыктардын тобокелин азайтуу боюнча, иш-чараларды өткөрүү тууралуу бир айлык жарыялаган. Иш-чара үстүбүздөгү жылдын 5-сентябрында старт алган. Бир айлыктын алкагында, бүгүн борбор калаада Бишкек шаардык Жарандык коргонуу кызматтарынын күч каражаттарынын парады, жол кырсыгына кабылган жарандарды куткаруу, өрттү өчүрүү иштерин чагылдырган куткаруучулардын ишмердүүлүктөрү сыяктуу бир топ комплекстүү иш аракеттер көрсөтүлдү.

Кыргызстан ЕАЭБдин алкагында бажылык бөлүштүрүүдөгү өзүнүн 1.9 пайыздык үлүшүн сактап калды. Бул мамлекет үчүн өтө маанилүү. Мындай пикирин Президенттин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү саясаты, экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев билдирди.Эгер бул көрсөткүч төмөндөгөн болсо, 5 млрд сомдун тегерегиндеги акча каражаты мамлекеттик казынага түшпөй калуу коркунучу бар болчу.Эскерте кетсек, 1-октябрда Армениянын борбору Ереван шаарында Жогорку Евразиялык Экономикалык кеңештин жыйыны болуп, анда альянстын келечектеги ишмердүүлүгү үчүн маанилүү болгон бир катар маселелер талкууланган.