Ишенби, 20 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

УКМК мамлекеттик кызматкерлерди киберкоопсуздук боюнча окута баштады

Киберкоопсуздук боюнча мамлекеттик органдар арасында атайын мыйзамдык база иштелип чыгышы керек. Бүгүн борбор калаада мамлекеттик органдардын кызматкерлери үчүн атайын окутуу жүргүзүлдү. Аталган иш-чара УКМКнын Компьтердик инциденттерге жооп кайтаруу бөлүмү тарабынан уюштурулган. Белгилей кетсек, аталган окутуу өкмөт тарабынан бекитилген “Санарип Кыргызстан 2019-2023” санариптик трансформациялоо концепциясынын жол картасын жана 2019-2023 КР кибер коопсуздук стратегиясын ишке ашырууга багытталган иш-чаралардын негизинде уюштурулду.
Социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө көмөктөшүү үчүн «Тилектештик автобусу” үч күн бою борбор калааны кыдырат. Бүгүн, аталган автобус Бишкек шаарынын жаңы конуштарына барып, жергиликтүү жашоочуларга акысыз кеп-кеңеш бере баштады. Бишкекте старт алган «Тилектештик автобусу» акциясында министрликтер жана ведомстволордон консультанттар борбордун жаңы конуштарынын тургундарына акысыз укуктук жардам көрсөтүшөт. Иш-чараны мэриянын, БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы, Адвокатура жана Юстиция Министрлиги уюштурду. Тилектештик автобусу бүгүнкү күндө 14-жана 3-муниципалдык аймактарга барды.

Беш депутат жана КСДПнын эки өкүлү Атамбаевдин экс-президент макамынын алынышына жол берген мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү карап чыгуу өтүнүчүн Конституциялык палатага жолдогон болчу. Конституциялык палата ишти арызды кечээ карап баштап бүгүн чечим чыкты. Ага ылайык беш депутат жана КСДПнын эки өкүлүнүн Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамынан ажыратылышынын мыйзамдуулугу боюнча талаштуу доосун канааттандыруудан баш тартып, Атамбаевдин кол тийбестигинин алынышын Конституцияга каршы келбейт деп тапты.

Президент Сооронбай Жээнбеков япон өлкөсүнө болгон үч күндүк сапарынын алкагында императордун таажы кийип, такка отуруу салтанатына катышуу менен бирге бир катар эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, бир нече ишканаларга барып, алардын иши менен таанышты.

Ош шаарына караган Төлөйкөн айылынын 4 көчөсүнө алгачкы жолу таза суу жеткирилди. Аталган айылды таза суу менен камсыздоо максатында насостук станция менен эки суу кампасы курулган. Суу кампасына 200дөн 400 м3га чейин суу батат. Курулуш иштери менен шаар мэри Таалайбек Сарыбашов таанышып, иштер сапаттуу жүрбөгөндүгүн сынга алды. Калаа башчысы кетирилген кемчиликтерди жоюу боюнча шаардык муниципалдык турак жай коммуналдык башкармалыгы менен капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчилерине тапшырма берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэни Кыргызстанга визит менен келип кетүүгө чакырды. Күн чыгыш өлкөсү аталган Японияга болгон иш сапарынын алкагында өлкө башчысы бүгүн жапон өкмөт башчысы менен жолугушуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Анда кыргыз япон кызматташтыгын өнүктүрүүнүн багыттары, жана келечекке болгон кадамдар талкууланды. Ушул эле күнү президент япониянын ишкерлери менен жолугуп, ири ишканаларга барды.
Акыркы убактарда үй-бүлөдө ар кандай чыр-чатактардын саны арбып, анын кесепетинен эне жана балдардын жабыр тарткан учурлары көп эле кездешип келет. Жашоо турмуштун айынан акча таап келүүгө балдарын айласыздан тууган-уругуна таштап, чет жакта миграцияда жүргөндөрдүн саны андан көп. Мунун айынан кароосуз калган балдар зомбулукка учурап, тагдыры талкаланган фактылар да жок эмес. Мындай көйгөйдү алдын алуу максатында Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги Эл аралык USAID уюму менен биргеликте 2017-жылдан бери бир топ алгылыктуу иштерди аткарып келет. USAIDдин алдында түзүлгөн комитеттер бүгүн борбор калаада конференция уюштуруп, жыл башынан берки аткарган ишинин жыйынтыгын чыгарды.
Электрондук саламаттыкты сактоо бүтүндөй өлкө аймагына жайылтылат. Алыскы райондордогу дарыгерлер мурда борборго келип кесиптик чеберчилигин жогорулатып кетишсе, мындан ары телемедицина аркылуу жеринде туруп сабак ала алышат. Борбордогу дарыгерлер аймактардагы бейтаптардын абалын угуп, аралыктан кеңеш берсе да болот. Ал эми баш калаадагы тез жардам кызматынын автоматташтырылуусу бир топ көйгөйдү чечти….
ЕАЭБдин алкагында товарларды экспорттоп же импортоо үчүн документти так толтуруу керек. Маалымдалгандай Айыл-чарба азыктарын алып чыгуу үчүн биримдиктин техникалык регламенти аткарылышы зарыл. Андай документтер эт, сүт азыктары, жеңил өнөр жай жана башка үчүн керек товардык белгилер, техникалык регламент сыяктуу маалыматтар кеңири корсотулушу зарыл. Антпесе документтик мучулуштуктордон улам ташылып бараткан товарлар артка кайтарылып калышы толук ыктымал.
Өлкөдө электромобилдерди колдонуу демилгеленүүдө. Өкмөттө өткөн жыйында дагы электр кыймылдаткычы бар унааларды кубаттоого шарт түзүү маселеси талкууланды. Талдоочулар электромобилдерге өтүү менен экологияны сактоого мүмкүнчүлүк жаралып, социалдык-экономикалык жактан дагы пайдалуу болорун айтышат.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жаш математик Арсен Рахымбеков менен жолугушту. Анда Өкмөт башчы Арсендей балдар Кыргызстандын эртеңки келечеги экенин айтып, ийгиликтерди каалады.