Быйыл президенттин стипендиясына Кыргызстандын 31 жогорку окуу жайынан 74 студент ээ болду. Аны “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынан өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков тапшырды. Жалпы сынакка 150дөн ашуун студенттин документтери жөнөтүлгөн. Мыктыларды тандоодо атайын жумушчу топ иштеп, студенттин окуудагы жетишкендиктери, эл аралык сынак, конкурстардан байгелүү орундарды алуусу, изилдөөчүлүк иштери, долбоорлорду презентациялоо, илимий изилдөөсүн мезгилдүү басылмаларга жарыялоо, студенттин тил билүүсү, коомдук, маданий иштерге активдүү катышуусу сыяктуу артыкчылыктарына карап тандалып алынган. Стипендиянын көлөмү 50 миң сомду түзүп, ал жылына бир жолу берилет. 150 миңден ашык студенттин арасынан суурулуп чыгып, мамлекет башчысынын колунан стипендия алып жаткан балдардын кубанычына биздин чыгармачыл топ да күбө болуп келди.
Борбор калаада мэрдин жаңы жылдык балатысы өткөрүлдү. Майрамдык кечеге аз камсыз болгон, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, балдар үйлөрүнөн келген жана ийгиликке жетишкен мектеп окуучулары болуп жалпы 1000ге чукул бала келген. Иш-чарада балдарга театрлаштырылган концерттик программа тартууланып, белектер берилди.
2021-жылдан тарта Кыргызстан беденин үрөнүн Россиянын Омск, Челябинск жана Свердлов облустарына экспорттой баштайт. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Айдоо жерлерин өнүктүрүү, үрөн өстүрүү жана органикалык айыл чарба өндүрүш бөлүмүнүн жетекчиси Жигитали Жумалиев билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлкө боюнча 109 үрөнчүлүк кооперативи бар.
Үстүбүздөгү жылы өлкөдө 80ден ашуун маданий иш-чаралар өткөрүлгөн. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жыл жыйынтыгын чыгарып жатып билдирди. Баарына маалым болгондой, өтүп бара жаткан жылы Талас облусунда Улуттук көчмөндөр оюндары, ШКУга мүчө мамлекеттердин өнөрпоздору катышкан гала-концерт, «Россия гүлдөрү», Кыргызстандагы Россия күндөрү сыяктуу маданият тармагында бир топ иш-чаралар уюштурулган.
Ал эми түштүк калаадагы Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында “Алтын балаты-2020” аталышында мэрдин балаты майрамы өттү. Иш-чарага мектептин алдыңкы окуучулары, балдар үйлөрүнөн, аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдары, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана ата-энелер келишти. Майрамдык кеченин жүрүшүндө жомок каармандары ыр ырдап, хореографиялык топтор түрдүү бий бийлеп, балдарга майрамдык маанай тартуулады.
Журналисттер эл турмушун жакшыртууга багытталган аракеттерди коомчулукка жеткирүүдө чоң жардам көрсөтүп жатышат. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков журналисттерге берген маалымат жыйында билдирди. Мамлекет башчысынын маалымат жыйыны 3 саатка созулуп, ага дээрлик 200гө чукул ММК өкүлдөрү катышты. Сооронбай Жээнбеков алгач акыркы эки жылда аткарылган иштер туурасында кыскача маалымат берип, андан соң суроо-жоопко өттү. Журналисттер Жээнбековдон мигранттардын көйгөйү, алдыда өтө турчу парламенттик шайлоо, сөз эркиндиги, коррупция менен күрөшүү, чек ара маселеси, коңшу өлкөлөр менен болгон алакалар, “Коопсуз шаар” долбоору, айтор бардык тармактагы кызыктырган суроолорун узатышып, жооп ала алышты.