Жума, 29 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Эл мамлекеттик органдарга караганда коомдук кеңештерге көбүрөөк ишенет

Эл мамлекеттик органдарга караганда коомдук кеңештерге көбүрөөк ишенет. Бул туурасында “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусунда мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин жыл сайын өтүүчү жыйынында айтылды. Анда мамлекеттик органдардын бир жыл ичинде аткарган иштери, андагы жетишкендиктер жана кемчиликтер тууралуу пикир алышуу болду.

Ленинградчылардын эрдиги жана фашисттерге кандай баа жеткис эмгек менен туруштук бергендиги бүгүн Бишкекте эскерилди. 77 жыл мурда блокада кыйратылып, душмандын курчоосунда Ленинград 872 күндү башынан өткөргөн. Фашисттик бомбадан, ачкачылыктан жана сууктан жүз миңдеген адам каза болгон. Алардын эрдиктери борбор калаадагы Ленинград блокадачыларынын эстелигинин жанында уюштурулган иш-чарада эскерилип, ага Президент Сооронбай Жээнбеков катышты. «Ленинград курчоодон бошотулган күн — бул Ленинграддын жашоочуларынын гана эмес, Советтер Союзунун бардык адамдарынын Улуу Жеңишке ишенимин бекемдеген күн. Бул дата Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхындагы баатырдык барактардын бири», — деп баса белгиледи өлкө башчысы.

Акыркы убактарда социалдык тармактарда “Ат-Башыга курула турчу логистикалык борбордун жери кытай тарапка 49 жылга берилиптир”, “ага кеткен каражат карызга алыныптыр” сыңдуу маалыматтар желдей тарап, коомчулукта түшүнбөстүктөрдү, нааразычылыктарды жараткан. Бул максатта вице-премьер-министр Замирбек Аскаров баштаган тармактык мамлекеттик органдардын жетекчилери Ат-Башыга барып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге индустриалдык-соода-логистикалык борборун куруу боюнча жергиликтүү элдин суроолоруна жооп беришти. Өкмөт инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын жогору коёт деген вице-премьер-министр ага кеткен каражат эч кандай насыяга алынбаганын айтып, мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесиндеги бажы бекети бир метр ары да, бери да жылбай турганын баса белгиледи. Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, жергиликтүүлөр кызыктырган суроолорун берип, жооп ала алышты.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Президент Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен «Манас» эл аралык аэропортуна жана «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрүү пунктуна барып, илдетти алдын алуу жана аныктоо иштери менен таанышты. Азыркы тапта абалды текшерип туруу үчүн күнү-түнү иштеген ыкчам штаб ачылып, анда өлкөгө кирген жарандардын абалы тууралуу ар бир көзөмөл пунктунан саат сайын маалымат берилип жатат.

Кыргызстандын аймагында коронавирус жуктургандар катталган жок. Ооруну алдын алуу боюнча ыкчам штаб түзүлдү. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн жыйынында айтты. Анын айтымында Кыргызстан коронавирустун жайылышына жол бербөө боюнча бардык чараларды кабыл алды. Ал эми Тышкы иштер министрлиги жаңы вирустун таралышына байланыштуу эпидемиологиялык абал турукташканга чейин жарандарга Кытайга болгон сапарларын токтото турууну сунуштайт.

Бул жумада өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымдары үчүн бир катар жаратман өкүлдөргө мамлекеттик маанидеги наам берилди. Кезектеги жогорку даражадагы сыйлыктар көп жылдар бою мээнеттенген кесип ээлерине наамды мамлекет башчы өз колу менен ыйгарды. Алардын ичинде саламаттыкты сактоо, агартуу жана курулуш жаатындагы өкүлдөр өңдүү бардык тармакты камтыган ондогон кесип ээлери бар. Ошондой эле, бүткүл өмүрүн өлкө экономикасынын көтөрүлүшүнө арнаган Абдиваит Тажибаев, педагог катары көптөгөн жаштарды тарбиялаган Роза Айтматова, комузчу, обончу, театр жана кино актеру Табылды Актан жана профессор Өскөн Осмоновдор «Манас» ордени менен сыйланышты. Ошондой эле, элине эмгеги сиңген дагы бир катар адамдарга «Даңк» ордени жана ардак грамоталары берилди.

Коорупцияга каршы күрөшүү улантылат. Массалык маалымат каражаттары, жарандык сектор колдоп жатышат, мындай колдоо менен күрөш күчөтүлөт. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында билдирди. Мамлекет башчысы кеңештин 2018-2019-жылдары кабыл алынган бардык чечимдери коррупцияга каршы күрөшүүгө багытталганын эске салды. Мамлекет башчысы буга чейин кабыл алынган чечимдер тиешелүү деңгээлде аткарылбай жатканын айтып, ишине кайдыгер мамиле жасаган жетекчилерге катуу чаралар көрүлүп, кызматтан алынарын эскертти. Ал Коопсуздук кеңештин жыйналышында кайсы маселе карала турганы маалым болгондон кийин гана мамлекеттик органдар активдешип, айрым иш-чаралар аткарыла баштаганын айтты. Коопсуздук кеңеши Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысы Жолдошбек Жунушевди кызматынан бошотуу, 4 жетекчиге сөгүш берүү жана 30 аткаминерди тартиптик жазага тартууну сунуштады.

2019-жылдын январынан тарта күчүнө кирген жаңы Жазык-процесстик кодекс менен бирге Кыргызстанда тергөө судьясы деген жаңы институт пайда болгон. Мындай түзүмдү киргизүү маселеси бир катар чет өлкөлөрдүн алсак, Италиянын, Франциянын, Германиянын, Казакстандын, Украинанын жана башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын окуп үйрөнгөндөн кийин пайда болду. Тергөө судьяларынын негизги укуктук милдеттемелери сотко чейинки өндүрүш учурунда гана жарамдуу болуп, иш сотко өткөрүлүп берилгенден кийин ыйгарым укуктары токтойт.

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында жеңил атлетика боюнча Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген машыктыруучусу Виктор Борисов менен коштошуу зыйнаты өттү. Ага бийлик өкүлдөрү, машыктыруучунун үй-бүлөсү, туугандары, кесиптештери, окуучулары, спорт сүйүүчүлөр катышты. Виктор Борисов Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасынын ага машыктыруучусу болгон. Ал эмгек жолунда жүздөгөн спортчуларды тарбиялап чыгарды. Алардын арасында 3 эмгек сиңирген спорт чебери, 13 эл аралык даражадагы спорт чебери бар. Олимпиада оюндарына жолдомо алган белгилүү спортчу Дарья Маслова дагы Виктор Борисовдун окуучуларынын бири болчу.

Былтыр Жогорку Кеңеш калкты ичүүчү суу менен камсыздоо жана ирригация тармагын жакшыртуу боюнча 8 мыйзам долбоорду кабыл алган. Күн мурун Президент Сооронбай Жээнбеков Кербен жана Исфана шаарларын суу менен жабдуу, канализация системасын реабилитациялоо жана “Айыл жерлерин ичүүчү суу менен камсыз кылуу, санитария системаларын өнүктүрүү“ долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө 3 мыйзамга кол койду. Буга ылайык, Кербен менен Исфана шаарлары жана ага жакын жайгашкан айылдар, андан сырткары Баткен, Талас облустарындагы 130 калктуу конуштарга ичүүчү таза суу жеткирилип, ирригация тармагы жакшыртылат.