Бейшемби, 18 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Үмүтай Абдышева: «Жүрөктө сүйү боздойт!

Чүй облусунда ири инвестициялык, туристтик жана социалдык-экономикалык долбоорлор жүзөгө ашырылышы керек. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн 2019-жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2020-жылдын планы каралган коллегиясында билдирди. Коллегиянын отурумуна район башчылары, Токмок шаарынын мэри, облустук жана райондук мекеме жетекчилер чакырылган. Отурумдун жүрүшүндө Премьер-министр бир катар жетишкендиктер менен кемчиликтерди санап өттү. Аны менен катар ал Токмок шаарында жайгашкан трикотаж кездемелерин чыгарган ишкананын иши менен таанышты.

2020-жылы өлкөдө Жогорку Кеңеш жана бир нече аймактарда жергиликтүү кеңештерге шайлоолор өтөт. Алсак, Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо апрель айынын экинчи жекшембисинде өтөөрү күтүлүүдө. Ал күнгө дээрлик эки ай убакыт калса да, “калаада саясий жарыштар эмитен башталып, агитациянын алгачкы этаптары жүрүүдө” дейт серепчилер. Өткөн жумада социалдык тармактар аркылуу “Оштогу студенттердин паспорттору массалык түрдө чогултулууда” деген маалымат тарады. Бул көрүнүштөр жергиликтүү шайлоого даярдыкпы?

Юридикалык жактарга электрондук кол тамга киргизилгенден бери отчёт тапшыруу жеңилдеди. Мамлекеттик органдар менен бизнес өкүлдөрүнүн ортосундагы электрондук кол тамга алмашууну жүзөгө ашырууну ишкерлер буга чейин Өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү комитетинин биринчи жыйынында сунушташкан болчу. Аталган комитеттин кезектеги жыйыны 12-февралда Президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда өткөнү турат.

“Тоолордон жакшы бир гана тоолор”. Мына ушундай аталыштагы иш-чара калаа четиндеги тоо лыжа базаларынын биринде өтүп, ага Бишкектин төрт районунан 400гө чукул аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары катышты. 2* Өспүрүмдөр лыжа тээп, эстрада ырчылары менен бирге ырдап, жаратылыш койнунда бир күн болуп кайтышты.

Эми окуучулар менен мугалимдердин мектеп имаратына кирип-чыкканы атайын чиптин жардамы менен катталып турат. Ошол эле учурда бул тууралуу маалымат ата-энелердин уюлдук телефонуна СМС билдирүү аркылуу келип түшөт. Билим берүү жана илим министрлиги иштеп чыккан «Акылдуу мектеп-келечектин мектеби» долбоору алгач 10 орто мектепке киргизилсе, окуучулардын коопсуздугун сактоо, билим берүү процесстерине көзөмөл жүргүзүүнүн жаңы түрү бара-бара өлкөнүн бардык мектептерине жайылтылат.

Кыргызстанда 2014-жылдан бери фостердик үй-бүлөлөрдөн жалпысынан 157 бала тарбияланган. Учурда өлкө аймагында 28 багып алуучу үй-бүлө бар. Алар турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды белгилүү бир мезгилге чейин тарбиялоону ишке ашырат. 2019-жылы 78 үй-бүлө багып алуучу ата-эне болууну каалагандыгын билдирген. Алардын 34ү окуудан ийгиликтүү өтүп сертификат алышты.