Жума, 19 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Өзгөн районунун Бостон айылында 275 орундуу мектеп

Өзгөн районунун Бостон айылында 275 орундуу мектеп пайдаланууга берилди. Билим уясынын курулушу республикалык бюджеттен каржыланган. Мектептин ачылыш аземине Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана эл өкүлдөрү катышты. Өкмөт башчы өз сөзүндө мамлекет тарабынан социалдык объектилердин курулушуна, анын ичинде билим берүү мекемелерине өзгөчө көңүл бурулуп жатканын билдирди.

Өткөн жылы Бишкектин дүң продукциясы өлкө аймагынын ички дүң продукциясынын 40 пайызын түздү. Мындай маалыматтар бүгүн мэриянын 2019-жылдагы аткарган ишинин жыйынтыгы чыгарылган коллегиянын отурумунда маалымданды. Жыйынга биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, калаа мэри Азиз Суракматов, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров жана башкалар катышып, бир катар орчундуу маселелер көтөрүлдү.

Кыргызстан менен Россиянын кызматташтык жылынын расмий ачылышы 27-февралда Москвадагы Кремлде өтөт. Салтанатка эки өлкөнүн президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путиндин катышуусу күтүлүүдө. Эске салсак, былтыр 28-мартта Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында 2020-жылды кызматташтык жылы деп жарыялоо чечими кабыл алынган эле. Анын алкагында бир катар иш-чараларды өткөрүү мерчемделген. Алардын бири катары бүгүн улуттук китепканада жаңыланып, ачылган “Россиянын адабият жана маданият” борборун айтсак болот.

2018-жылы 11 маданий мекеменин кызматкерлеринин маянасы 80 пайызга чейин көтөрүлгөн. Быйыл дагы эки мекеменин, тактап айтканда цирк жана улуттук китепкананын кызматкерлеринин айлыгы жогорулайт. Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов ошондой эле быйыл өлкө аймагындагы бардык музей кызматкерлеринин айлыгын 80 пайызга чейин жогорулатуу пландалганын билдирди. Кийинки этапта өлкө аймагындагы бардык китепкана кызматкерлери жана маданият үйлөрүндө эмгектенгендердин айлыктары көтөрүлөт.

Быйыл инвестицияны тартуу, жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча иштер улантылат. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынында билдирди. Муну менен катар жеке менчиктин кол тийбестигине кепилдик берген атайын чаралар кабыл алынып, бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу кажет. Ошондо гана биз күткөн жыйынтыктарга жетише алабыз дейт өкмөт башчысы.

Азыркы тапта өлкө аймагында ар кыл тармакка кызыгып, спорттун бир нече түрлөрү менен машыгып, эл аралык жана дүйнөлүк денгээлдеги мелдештерде ийгиликтерди багындырып жаткан талантуу жаштарга күбө болуп жүрөбүз.

Бажы тармагында ишкерлерди тейлөө жөнөкөйлөштүрүлүүдө. Алсак, бажы тариздөөчү жайларга орнотулган видео камералар кардарларды тейлөө борборлорун Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук бөлүгүндө 24 саат бою түз алып берет. Мындай күнү-түнү бажы кызматкерлерин көзөмөлгө алган видеожабдуулардын 61и борбор калаадагы Түндүк-Чыгыш бажысынын “Бизнес-Транс-Сервис” аталышындагы бажы тариздөө жайына дагы орнотулган. Дегеле бул тармактагы тейлөө жеңилдетилгенин мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитетинин экинчи жыйынында дагы белгилеп өттү. Бажы кызматынын тейлөө сапаты учурда кандай?

Мамлекет тарабынан ишкерлерди, инвесторлорду колдоо жаатында бир катар иштер аткарылып келет. Ишкердикти өнүктүрүү мамлекеттин экономикалык абалына түздөн-түз таасирин берери шексиз. Андыктан өлкө жетекчилери акыркы учурларда ишкердикти өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууда. Буга далил катары өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин түзүлүшүн, анын алып барып жаткан иштерин айтса болот. Анын негизинде мамлкеттик органдар ишкерлердин көйгөйлөрүнө, кайрылууларына олуттуу маани берип, алардын кызыкчылыгын коргоо багытында иш жүргүзүшүүдө.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн 5 мамлекеттин элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алды. Атап айтсак, документтер Тажикстандын, Иран Ислам Республикасынын, Исландиянын , Словениянын жана Израиль мамлекетинин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жогорку жетекчилеринен кабыл алынды. Баракчаларды тапшыруу иш-чарасынан кийин, өлкө башчысы ар бир элчини өзүнчө кабыл алып, Кыргызстан менен аталган мамлекеттердин ортосундагы кызматташтык маселелерин талкуулады.