Бейшемби, 18 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Оштогу абал

Ош облусунда уруксат берилген тармактарда санитардык-гигиеналык нормалардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча рейд өттү. Иш-чара Өзгөн районунда өтүп, облус жана район жетекчилиги бир катар өндүрүш жана тейлөө мекемелерин текшерип чыкты. Рейддин жүрүшүндө санитардык эрежелерди сактабагандар да болду.

Карантин талаптарын бузган жарандар 3 жылга чейин эркинен ажыратылат же 60 миң сом айып пулга жыгылат. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов билдирди. Учурда карантин шартын бузган 65 жаран жоопко тартылды.

Экономикалык иштерди кароо райондук сотторго берилет. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Мыйзамга кол койду. Ага ылайык, буга чейин райондор аралык соттор тарабынан каралып келген экономикалык иштер эми райондук сотторго берилет.

1-майдан тарта экономикалык ишмердүүлүк кайрадан жандандырылып, айрым өнөр-жай ишканалары, курулуш, соода, такси, сулуулук салондору сыяктуу кызмат көрсөтүүчү жайлар ишке кирген. Аларга санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук эрежелерин так сактоо тапшырмасы берилип, талаптардын аткарылышын көзөмөлдөп турууга мобилдик бригадалар түзүлгөн. Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев баштаган топ карантин маалында ишин токтотпогон жана этап-этабы менен ишин жандандырган Кант шаарындагы объектилерди кыдырды. Анда санитардык-карантиндик талаптардын аткарылышы текшерилип, айрым жактарга эскертүү берилди.

Өткөн суткада Кыргызстанда СOVID-19 инфекциясынын 78 жаңы учуру катталды. Анын 51и чет жактан кайтып келген жарандардан аныкталган. Ошол эле учурда, 23 бейтап ооруканадан коронавирус илдетинен сакайды. Алардын 8и медицина кызматкерлери. Бул тууралуу онлайн брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымдады. Анын айтымында, сырттан келген жарандардын арасында коронавируска чалдыккандардын саны көбөйүп жатат.

Дарыгерлер коронавирус илдетин алдын алууда беткаптын ролу чоң экендигин айтышууда. Беткап тагынып жүрүүдө вирусту алып жүргөн жарандан тегерегиндегилерге илдетти жугузуу коркунучу кыйла азаят. Ошондой эле, жарандар дагы өз ден соолугу жана жакындарынын саламаттыгы үчүн дайыма беткапты түшүрбөй тагынып жүрүүсү абзел.