Бейшемби, 25 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Санитардык талаптарды аткарбаган ишкерлерге айып салынды

Бишкек мэриясы тарабынан бир нече кызматтардан турган мобилдик топтор түзүлүп, иштеп жаткан соода-сатык жана кызмат көрсөтүү жайларын текшерүүгө алууда. Коомдук жайларда санитардык эрежелер сакталышы негизги талап. Бул биринчи кезекте жарандын өзүнүн жана коомчулуктун саламаттыгы үчүн маанилүү.

«Бизнеске бирдей шарттарды түзүү боюнча биргелешкен чараларды кабыл алуу — ЕАЭБ экономикасынын ийгилигине негиз болот». Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин бүгүнкү жыйынында азыркы посткризистик өнүгүүнү эске алуу менен бул ишти активдештирүүнү сунуштады. Жыйын видеоконференция форматында болуп, ага мүчө-өлкөлөр Кыргызстан, Беларусь, Казакстан, Россиянын президенттери жана Армениянын премьер-министри катышты.

Биринчи май райондук бириккен дарыгерлер борборунун директорунун орун басары Дилара Искакова коронавирус илдетин жуктуруп алып, 14 күн бою оор абалда жаткан. Ал таажы вирусун кызматтык милдетин аткарып жаткан учурда жуктуруп алган.

21-майдан тарта экономикалык ишмердүүлүктүн бир катар тармактары ишин баштайт. 25 -майда болсо коомдук тамактануу жайлары, театр, музей, өңдүү маданий жайлардын иши жанданмакчы. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Вирус жөнүндө кеп болгондо, эң алгач беткап тагуу талабы коюлат. Муну ак халатчандар да байма-бай эскертип жатышат. Дүйнө эли беткап тагууга олуттуу мамиле жасап, коомдук жайларда милдеттүү түрдө тагып жүрүшөт. Ал эми Кыргызстанда беткап тагуу зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштери жүрүп жатканына карабай, коом көп көңүл бурбай жатат.

Бир суткада Кыргызстанда 71 бейтап коронавирустан айыгып чыкса, 27 адам илдетти жуктурганы аныкталды. Ошондой эле, Нарын шаарынын мэриясынын жетекчилигине да вирус жукканы белгилүү болду.