Шейшемби, 16 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Карантиндин талаптарын сактабай, кырдаалга кайдыгер караган 98 жаран жоопко тартылды

Карантиндин талаптарын сактабай, кырдаалга кайдыгер караган 98 жаран жоопко тартылды. Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов алардын 44нө 129 миң айып пул салынганын белгилеп, калгандарынын жазасын сот аныктай турганын айтты.

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын катары толукталып, акыркы сутка ичинде эле илдет 52 адамдан аныкталды. Ооруканада дарыланып жаткан 461 бейтаптын ичинен 9 кишинин абалы оор деп бааланып, жандандыруу бөлүмүндө жатат. Алардын арасында үйдөн өз алдынча дарыланып келгендер бар экенин белгилеген башкы дарыгер Нурболот Үсөнбаев мындай мамиле оорунун күчөшүнө, ал тургай өлүмгө себепкер болуп жатканын айтат.

25-майдан тарта Ошто коомдук транспорт жүрө баштады. Алар Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан иштелип чыккан санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бекем сакташы шарт. Каттамга чыгуудан мурда унаалар дезинфекцияланып, транспорттун ичинде жүргүнчүлөрдүн саны, орундуктардын санынан ашпоосу керек. Ал эми жүргүнчүлөр милдетүү түрдө беп кап тагынышы зарыл.

Ковид-19 илдетинин кесепетинен жабыркаган ишкерлерге жеңилдетилген насыялар берилет. Бул боюнча Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди. Ал белгилегендей, Улуттук банк аукцион өткөрүп, жыйынтыгында коммерциялык банктарга 800 миллион сом берилди. Бул жерде негизги талап жылдык үстөк 10 пайыздан ашпоосу шарт. Мындан тышкары өлкө башчысы берген тапшырмага ылайык кепилдик фондунун уставдык капиталы да 1 миллиард сомго кеңейтилди.

«Бактылуу балалык» жумалыгы. Балдарды коргоо күнүнө карата Маданият, маалымат жана туризм министрлиги бир катар иш-чараларды уюштурууда. Балдар жумалыгынын алкагында «Поэзия күндөрү», «Жомок күнү», «Театр күнү» жана «Нур замандын балдары» аталышындагы майрамдык иш-чаралар онлайн форматында өтөт.

Акыркы жылдары Кыргызстанда жол салууга 2,5 млрд доллардан ашык акча каражаты сарпталган. Каражат Ош-Сары-Таш-Эркечтам, Эркечтам-Карамык, Бишкек-Нарын-Торугарт, Талас-Тараз-Суусамыр, Бишкек-Ош, Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу сыңдуу стратегиялык мааниси бар жолдорду салууга жумшалды. Ошондой эле ички жолдорду куруу да көңүл сыртында калбай, коюлган пландын негизинде иштер аткарылып келет.

Ал арада мектепти мындан 10-20 жыл мурда аяктагандар да онлайн жолугушууларды уюштурду. Алар жолугушууга сарптоочу каражатты пайдалуу ишке жумшап, өз айылдарындагы социалдык маселелерди чечип беришти.

Бир суткада Кыргызстанда 23 бейтап коронавирустан айыкса, илдетти жуктурган жаңы 35 учур аныкталды. Өлкөдөгү акыркы эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат берген Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев, коомдук транспортто санитардык эрежелерди сактоого чакырды.

Быйыл пандемияга байланыштуу акыркы коңгуроо 30-майда онлайн түрүндө өткөрүлмөй болду. Мындан улам телеканалдар жана социалдык тармактар аркылуу #менбүтүрүүчүмүн акциясы жүрүп жатат. Бүтүрүүчүлөр Жогорку окуу жайга да аралыктан тапшырмай болду.

Кыргызстан демократиялык кыймылынын түзүлгөнүнө быйыл 30 жыл толду. Бул аралыкта Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн арасында демократия кыйла өнүккөн мамлекетке айланды. Кыймылдын аркасынан көп партиялуулук орноп, сөз экриндиги менен адам укугу корголду.

Бүгүн Москвадан Бишкек шаарына 372 жаран, наристелерин кошкондо жалпы 450 кыргызстандык атайын каттам менен учуп келди. Анын басымдуу бөлүгү кош бойлуу жана балалуу аялдар. Мекенине кайтып келген жүргүнчүлөрдүн тизмеси атайын комиссия тарабынан түзүлгөн.

Керектүү документтерди эми онлайн форматта алып жүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул үчүн ID cанарип системасы иштелип чыкты. Колдонууга ыңгайлуу мобилдик тиркеме бүгүн пилоттук негизде ишке кирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Чүй облусуна иш сапары менен барды. Анда, өлкө башчысы «Биовит» фармацевтикалык заводуна жана «Дан Агропродуктс» айыл чарба ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты. Президент экспортко багытталган айыл чарба ишканаларына жана ата мекендик фармацевтикалык компанияларга колдоо көрсөтүү жана жергиликтүү бийлик органдарын жана каржы институттарын бул багыттарга көңүл бурууга үндөдү.

Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. Учурда 9 см калыңдыктагы органоминералдык катмар төшөлүп жатат. Узундугу 45 чакырымды түзгөн жолду курууга 90 ири габариттүү техника жана 40тай кичи техника тартылган.